ОШМПУДА ТАЯК-ТАРТЫШ БОЮНЧА АЧЫК ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ

  • 17.11.2021
  • 0

Ош мамлекеттик пелагогикалык университетинде окуу жай менен биргеликте КР Таяк-тартыш федерациясы тарабынан таяк-тартыш боюнча Ош облусунунун 1-ачык чемпионаты өттү.

Ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри Венера Рыскулова, Ош облусунун губернаторунун орун басары Имангазыев Данияр жана Таяк-тартыш федерациясынын президенти Искендер Алымбеков катышты.

Аталган чемпионат Ош шаарында биринчи ирет өткөрүлүп жатат. Ага Бишкек шаары, Баткен облусу жана Ош облусунун райондорунан келген спортчулар жана Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери катышып, кызуу мелдеш көрсөтүштү. Иш-чаранын башкы максаты спорт чөйрөсүн кеңейтүү, облустар аралык ынтымакты бекемдөө жана жаш спортчуларды шыктандыруу болуп саналат. Бул менен бирге спорттун таяк-тартыш түрүн жайылтууга да багытталат.

Мелдеште жалпы кыздар жана балдардан куралган сегиз команда ат салышып, жыйынтыгында 3-орунду Ош мамлекеттик университетинин, 2-орунду ОшМПнун Колледжи ээледи. Ал эми 1-орунду Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин командасы багындырып, жеңүүчүлөр кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, республикалык деңгээлде таяк-тартыш боюнча ачык чемпионат жыл сайын үч ирет өткөрүлүп турат. Учурда таяк-тартыш өлкөдө популярдуу спорттун түрүн толуктап, жаштар арасында кенен жайылууда. Чемпионаттын кийинки туру  Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер