ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ

  • 11.11.2022
  • 0

ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ

10-ноябрь — Илим күнүнө карата Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде илимий көргөзмө болуп өттү.

Көргөзмөдө окутуучулардын илимий эмгектери менен жакындан таанышуу, тажрыйба алмашуу, студенттердин илим тармагында маалыматка ээ болуу деңгээлин жогорулатуу максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров, факультеттердин илимий иштерин жүргүзгөн окумуштуулар жана китепкана тарабынан уюштурулган.  Мында ар  бир факультеттин окутуучуларынын окуу-усулдук жана илимий  эмгектери, өз ийгиликтери, жетишкендиктери, китептери, сыйлыктары, илимий жана  монографиялык изилдөөлөрү, жарык көргөн илимий макалалары стол үстүнө жайылды.

ОшМПУда ИЛИМИЙ КӨРГӨЗМӨ ӨТТҮ

Ага окуу  жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жамаат катышып, университетте жасалган эмгектер, китептер кыргыздын улуу мурасы, баалуу табериги экендигин белгиледи. Ошондой эле ректор жаштардын түбөлүгүн түздөгөн, руханий азык берген керемет иштердин көп болуусун айтып, илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлерди  кызуу  куттуктады.

Бөлүшүү

Комментарийлер