ОшМПУ ОшМУДАН ТАЖРЫЙБА АЛАТ

  • 14.04.2023
  • 0

ОшМПУ ОшМУДАН ТАЖРЫЙБА АЛАТ

ОшМУга тажрыйба алмашуу максатында келген Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Бекмурза Зулуев баштаган окуу жайдын жамааты  ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушту.

Жолугушууда эки окуу жайдын ректорлору пикир алышып, эки университет билим берүү айдыңында эриш-аркак иштешип келген окуу жайлар экендигин белгилешти. Ректор Кудайберди Кожобеков учурда университетте бардык кыймыл-аракеттер толук түрдө электрондук форматта ишке ашырылып жаткандыгын, абитуриент окуу жайга тапшыргандан тартып, колуна диплом алганга чейинки процесстин баары санариптештирилгендиги боюнча маалымат берди. “Электрондук айланма баракча, электрондук журнал, электрондук силлабус, электрондук архив, электрондук жадыбал, электрондук табель, электрондук оорукана, онлайн шайлоо системасы, “ОшМУ окутуучу”, “ОшМУ студент”, “ОшМУ абитуриент” тиркемелери реалдуу иш-аракеттерде колдонулуп жатат. Окуу жайдын борболоштурулган китепканасы да толук автоматташтырылган. Аталган программалар ОшМУнун программист-адистери тарабынан түзүлгөн. Учурда бул иш-аракеттер өлкөнүн бардык жогорку окуу жайларына жайылтылууда”, -деди ректор.

Жолугушуудан соң делегация ОшМУнун санариптик ишмердүүлүгү, андагы жетишкендиктер, электрондук иш башкаруу системасынын базасы, иштөө процесси менен таанышты.

ОшМУ өзгөчө статус алган окуу жай катары анын талаптарына ылайык, билим берүү ишмердүүлүгүн жакшыртууга ыкчам аракеттерди көрүп, натыйжалуу жыйынтык көрсөткөндүгү үчүн өзгөчө статус алган 5 окуу жайдын арасынан эң үлгүлүү университет катары тааныла алды.

Биз тажрыйба алмашкан соң ОшМПУнун өзүндө ишке ашып келген AVN автоматташтырылган окутуу жана башкаруу системасын мындан ары да жакшыртып, аталган системанын Ош мамлекеттик университети тарабынан кеңейтилген форматта иштеп жаткан артыкчылыктарынан тажрыйба алууну пландаштырып жаткандыктарын делегациянын курамы белгилешти.

 

ОшМУнун пресс-катчысы Зинагул Нуралиева

Бөлүшүү

Комментарийлер