ОШ ШААРЫНЫН МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН ОЛИМПИАДАСЫ БАШТАЛДЫ
- 09.01.2018
- 0
Ош шаарындагы мектеп окуучулары арасындагы предметтик олимпиада кечээ Ош технологиялык университетинде башталды. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жай олимпиаданын ачык-айкын, таза жана жогорку деңгээлде өтүшүн колго алып, тийиштүү шартты түзүп берүүдө. Ар бир предмет боюнча сынактын жыйынтыгы ОшТУнун маалымат жана инновациялык бөлүмү тарабынан он-лайн режиминде чоң экрандар аркылуу көрсөтүлүп турат. Мындан сырткары олимпиадага келген окуучулар университеттин материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышып, Маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюшулган концерттик программага күбө болушту. Окуучулардын сынагы бир жумага уланып, жеңишке жетишкендер олимпиаданын кийинки турунда ат салышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Бөлүшүү
Комментарийлер