ОШ ШААРЫНДАГЫ №12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

  • 15.07.2018
  • 0

ОШ ШААРЫНДАГЫ №12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИ

2018-2019-окуу жылына окуучуларды кабыл алууну жарыялайт

Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейинин тарыхы

1956-жылы КПСС БКнын өкмөтүнүн чечимдерин турмушка ашыруу максатында Ош шаарында 4 окуу тайпасынан турган №2 курулуш мектеби ачылган. 1962-жылы №2 курулуш мектебинин окуучуларынын саны 350дөн ашуун болуп, 14 окуу тайпадан турган Гагарин атындагы №12 кесиптик окуу жайы болуп кайра түзүлгөн.

Ал эми 1988-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Кесиптик билим берүү башкы башкармалыгынын коллегиясынын №14 чечиминин негизинде окуу жайы №12 кесиптик лицейи болуп кайра түзүлгөн.

№12 кесиптик лицей ушул убакытка чейин 20 миңден ашуун жумушчу адистерди даярдап келүүдө.

Ош шаарындагы №12 кесиптик лицейинин материалдык-техникалык базасы акыркы технологиялык жабдыктар менен жабдылган. Окуу жайдын устаканалары жана класстары толугу менен ремонттолуп, өз окуучуларына билим берип келүүдө.

Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын экономикасынын өсүп -өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келүүдө. Азыркы учурда биздин бүтүрүүчүлөр КМШ өлкөлөрүнүн чоң-чоң шаарларында эмгектенип жатышат, себеби алардын алган дипломдору 12 өлкөгө жарактуу, башкача айтканда, 12 өлкөгө барып толук кандуу иштесе болот.

Бүгүнкү күндө окуу жайда жалпысынан 75 кызматкер иштейт: анын ичинен 15 инженер-педагог кесиптик билим берүүнүн мыктылары.

2010-жылдан бери окуу жайды Кесиптик билим берүүнүн мыктысы жана көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси Калмаматов Бакалбай Айтикевич жетектеп келет.

Төмөндөгү кесиптер боюнча жумушчу адистерди даярдап чыгарат:

Бюджеттик негиздеги адистиктер 9-класстын базасында, окуу мөөнөтү 3 жыл:

«Жыгач уста»

«Электр жана газ менен ширетүүчү»

«Тигүүчү жана тигүү жабдууларынын оператору»

Бюджеттик негиздеги 11-класстын базасында, окуу мөөнөтү 10 ай.

«Тигүүчү»

«Чачтарач»

«Санитардык-техникалык желдетүү системаларын жана жабдыктарын монтаждоочу: электр жана газ менен ширетүүчү»

Окуудан сырткары өткөрүлүүчү иш-чаралар:

Окуучулар бош убактыларын сапаттуу жана көңүлдүү өткөрүүсү үчүн окуу жайда кесиптик ийримдер, спорттук секциялар жана предметтик кружоктор иштейт. Ошондой эле КВН, дискотека, диспуттар өткөрүлүп турат.

Окуу жайына тапшыруу үчүн төмөнкү документтерди даярдоо керек:

  1. Тандап алган кесиби боюнча окуу жайдын мүдүрүнүн атына арыз
  2. Билими жөнүндө күбөлүктүн түп нускасы
  3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн же паспорттун көчүрмөсү
  4. 086у формасындагы мед.справка
  5. Үй-бүлөсү тууралуу жашаган жеринен тактама
  6. Аскер билеттин же приписнойдун көчүрмөсү (Эркек балдар үчүн)
  7. 4 даана сүрөт 3х4 өлчөмдө
  8. №63 форма (9-кл.бүткөндөр үчүн)

Документтер 2018-жылдын 1-июлунан 25-августуна чейин кабыл алынат.

Дарегибиз: Ош шаары, А.Өскөналиев көч.1

Тел. 0-3222 -702-75, 236-96-245 -71

Бөлүшүү

Комментарийлер