ОШ ШААРЫНДА 300ДӨН АШУУН БҮЛӨНҮН СЫНАЛГЫ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛДИ

  • 22.04.2020
  • 0

Аралыктан окутуу жараяны башталган кезде Ош шаарында 314 үй-бүлө телевизорго муктаж экени такталган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы мектептердеги телевизорлорду муктаж үй-бүлөлөргө убактылуу пайдалануу үчүн берди. Муну менен катар үйүндө ашыкча телевизору бар мугалимдер да бул маселени чечүүгө көмөктөштү. Айрымдардын үйүндөгү бузук телевизорлору оңдолуп, пайдаланууга берилди.

«Азыркы учурда телевизор көйгөйү чечиле элек дагы 3 үй-бүлө калды. Алар алыскы айылдардагы үйлөрүндө турушкандыктан, учурда аларга телевизор жеткирип берүү же башка жолун табууга аракет кылып жатабыз. Ошентсе да, алар телефондон интернет аркылуу сабактарга катышуу мүмкүндүгү бар», — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Бектурсун Көкөнов.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталгандан аймактарда мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатат. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамында аларга көмөк көрсөтүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер