ОШ: МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖОГОРКУ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 23.08.2023
  • 0

Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин Август кеңешмеси өттү. “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” деп аталган кеңешмеге Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, сөз сүйлөп, алдыңкы педагогдорго сыйлыктарды тапшырды.

Ош облусунун эң жогорку сыйлыгы болгон “Ош облусунун Ардактуу атуулу” наамы жана “Даанышман” медалы чыныгы ардактуу кесиптин ээлери — мугалимдерге ыйгарылды. Алардын сап башында Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Орозали Сайдилканов агай да бар.

ОШ: МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖОГОРКУ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

 

Ош облусунун Ардактуу атуулдары:

Орозали Сайдилканов — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Махирахан Абдукаримова — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, эл агартуунуну отличниги;

Айчүрек Кенжебаева — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими;

Маткасымова Айзадахон Карыбековна — билим берүүнүн мыктысы;

Юдина Валентина Андреевна — билим берүүнүн отличниги, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.

Мындан сырткары, Ош облусунда 10 мугалимге турак-жай куруу үчүн жер тилке алууга сертификат тапшырылды.  Маалыматка ылайык, жер тилкелери Өзгөн районунан беш, Кара-Суу районунан төрт жана Араван районун бир мугалимге берилди.

Облус боюнча жаш мугалимдерге дем берүү максатында ушундай эле жер тилкелери акыркы эки жылдан бери тынымсыз берилип келатат. Былтыр жалпы 15 мугалимге үй салуу үчүн жер тилкелерин алууга сертификаттар тапшырылган.

ОШ: МУГАЛИМДЕРГЕ  ЖОГОРКУ СЫЙЛЫК ТАПШЫРЫЛДЫ

Быйыл Ош облусу боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө 6627 бүтүрүүчү катышып, 1 окуучу «Алтын сертификатка», 20 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына, 3 окуучу республикалык предметтик олимпиадада алдыңкы жана байгелүү орундарды багынткан.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер