ОШМУ: ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ

  • 22.04.2026
  • 0

20-апрелде Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Түркиянын Балыкесир университетинен келген 14 окутуучу менен тажрыйба алмашуу иш-чарасы башталды. Алар 26-апрелге чейин болуп, лекция окушат жана тажрыйба бөлүшөт.

ОШМУ: ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ

Программанын алкагында чет өлкөлүк делегация университеттин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугушуу өткөрдү. Анда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланып, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдү активдештирүү жана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү багыттары белгиленди.

Делегациянын курамына теология, искусство, тарых, экономика, туризм жана кулинария багытындагы адистер кирет. Алар бир жума бою студенттер үчүн ачык лекцияларды окуп, практикалык сабактарды өткөрүп, өз өлкөсүндөгү билим берүү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, коноктор университеттин окуу корпустары, заманбап лабораториялык борборлору, медициналык жана ветеринардык клиникалары менен таанышып, билим берүү инфраструктурасына баа беришет.

21-апрелде делегация окуу жайда өтүп жаткан “Дүйнө элдеринин маданияты” аттуу фестивалга катышат. Бул иш-чара ар түрдүү маданияттарды таанытуу менен катар студенттердин эл аралык байланыштарын чыңдоого багытталган.

Мехмет Өзкан мындай кызматташтык эки тарап үчүн тең маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында, тажрыйба алмашуу программалары академиялык мобилдүүлүктү кеңейтүүгө, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана жаңы билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Адистердин пикиринде, мындай форматтагы эл аралык иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтип, аларды глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграциялоого шарт түзөт. Ошондой эле бул демилге жогорку окуу жайлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, билим сапатын жакшыртууга өбөлгө болот.

Белгилей кетсек, акыркы жылдары Ош мамлекеттик университети чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп, студенттер жана окутуучулар үчүн эл аралык программалардын санын көбөйтүп келет.

Айназик ТОКТОГУЛОВА,  «Кут Билим», И.Арабаев атындагы КМУнун журналистика факультетинин 1-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер