Ош: Акыйкатчы укук коргоо органдарынын өкүлөрү менен жолугуп, жарандардын укуктарын сактоону талап кылды
- 28.09.2023
- 0
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош обласундагы укук коргоо органдарынын өкүлөрү менен жолугуп, жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, 27-сентябрда Жаманбаева Ош облусунун тургундары менен жана облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев, укук коргоо органдары менен жолукту.
Анда адам укуктарын сактоону камсыз кылуу боюнча кечиктирилгиз чараларды кабыл алуунун маанилүү экени тууралуу сөз болду.
«Тургундар алардын жер үлүштөрү, медициналык, социалдык тейлөө алуу, паспорт алуудаукуктары бузулганын айтып даттанышты. 69 жаштагы аял Акыйкатчыга анын укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды, анткени анын көп кыйынчылыктар менен салган үйүн соттун чечими менен бузуп салышып, болгону бир бөлмөсүн гана калтырышкан»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Акыйкатчыга этникалык кыргыздар дагы кайрылып, жарандыгы берилбей жаткандыктан улам социалдык тейлөө албай жатышканын айтышкан.
«Майлуу-Суунун тургуну Акыйкатчыга төмөнкү жагдайды айтып көмөк сурады. Анын баласын улуураак балдар уруп салышкан, ал эми дарыгерлер зарыл болгон жардамды беришкен эмес. Баланы Ошко башка дарыгерлерге алып барышкан. Ошого карабай керектүү жардам ала алышкан эмес. Мындан сырткары дагы башка маселелерин айтып, башка дагы тургундар кайрылышкан»,- деп белгилешти басма сөз кызматынан.
Акыйкатчы укук коргоо органдарына жана башка бийлик өкүлдөрүнөн жарандардын укукгун сактоону талап кылды.
Мындан сырткары, ал жарандардын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча баардык чаралар кабыл алынаарын белгилеп өттү.
Комментарийлер