ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

  • 27.02.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Орусия Федерациясынын Агартуу министри С.С. Кравцовдун ортосунда видео жолугушуу болуп өттү.

ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

Эки министрдин сүйлөшүүсү жылуу жана достук маанайда өттү. Тараптар эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңири талкуулашты.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү мектебинин курулушу жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН АГАРТУУ МИНИСТРИ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Тараптардын биргелешкен аракеттерин аркасы менен билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Орусия Федерациясынын Агартуу министри Кравцов Сергей Сергеевичти Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келүүгө чакырды. Бул эки өлкөнүн Президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча алгачкы сапарлардын бири болуп, билим берүү жана илим жаатында тыгыз кызматташууну улантууга болгон бекем ниеттин көрсөткүчү болмокчу. С.С. Кравцов Алмазбек Бейшеналиевдин сунушун кубануу менен кабыл алды. Орусия Федерациясынын Агартуу министри Сергей Кравцовдун Кыргызстанга болгон иш сапары 2021-жылдын март айына пландалууда.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер