ОНЛАЙН ФОРМАТТА АЛГАЧКЫ ИРЕТ ТИКБНЫН КООРДИНАТОРЛОРУНУН СЪЕЗДИ ӨТКӨРҮЛӨТ

  • 23.10.2020
  • 0

Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) тармагын андан ары өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу максатында, 29-октябрда Кыргызпатент биринчи жолу Кыргыз Республикасында ТИКБнын координаторлорунун Съездин өткөрөт.

Съездде ойлоп табуучулук жана чыгармачылык активдүүлүктү шыктандыруу маселелерин талкуулоо, ошондой эле айрым региондордун инновациялык потенциалын калыптандырууга ТИКБнын ийгиликтүү катышуу мисалдарын, ТИКБ менен бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүү форматтарын талкуулоо пландаштырылууда.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ), Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын (Роспатент), Грузияынын “Future Laboratory” консалтинг компаниясынын жана “Астана Хаб ” IT-стартаптардын эл аралык технопаркынын өкүлдөрү иш-чарага катышууга чакырылган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер