БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ОН-ЛАЙН ЖЫЙЫН

  • 11.12.2019
  • 0

 

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ОН-ЛАЙН ЖЫЙЫН

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында аткарылып жаткан жумуштар боюнча Ош шаары жана Ош облусундагы билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, мектептердин тарбия иштери боюнча директорлору жана социалдык педагогдор менен онлайн жыйын өткөрдү.

Алгач Ош шаары менен түз байланыш уюштурулуп, шаардагы билим берүү мекемелеринде «Зомбулуксуз мектеп» программасынын алкагында жыл ичинде жүргүзүлгөн тарбиялык иштер, программага жүргүзүлгөн анализдер боюнча маалымат берилди.

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ОН-ЛАЙН ЖЫЙЫН

Андан кийин Ош облусундагы жети иннновациялык мектептер менен онлайн жыйын улантылды. Ар бир мектептин жетекчилиги менен тобокелдик тобундагы балдарга кандай түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү, социалдык педагогдордун компетенттүүлүгү, алардын жумушунда жаралган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүрдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ОН-ЛАЙН ЖЫЙЫН

Министрлик онлайн түрүндөгү жыйындарды 17-декабрга чейин республиканын башка облустарындагы мектептердин тарбия иштери боюнча директорлорунун орун басарлары жана соцпедагогдор менен өткөрмөкчү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер