ОНЛАЙН ОКУТУУ УСУЛДАРЫ (Мугалимдер үчүн вебинарлар түрмөгү)

  • 25.08.2020
  • 0

ОНЛАЙН ОКУТУУ УСУЛДАРЫ (Мугалимдер үчүн вебинарлар түрмөгү)

Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте Онлайн университет 24-30-август күндөрү мектеп мугалимдери жана жож окутуучуларына онлайн окутуу усулдары боюнча вебинарлар түрмөгүн өткөрөт.

Вебинарларда онлайн окутуу программалары жана алардын түрлөрү, өзгөчөлүктөрү, функциялары тууралуу практикалык негизде кенен маалыматтар берилет. Видео-сабак даярдап жаздыруу жана аны онлайн ресурстарга жайгаштыруу, онлайн сабак жана сынактарды уюштуруу ыкмалары үйрөтүлөт. Ошондой эле сабакты кызыктуу жана эсте каларлык презентациялоо ыкмалары, камеранын алдында туруп сүйлөө эрежелери жана сторителлинг сыяктуу заманбап педагогикалык ыкмалар тууралуу маалыматтар сунушталат.

Булардан тышкары мугалимдер үчүн зарыл болгон дикция жана үндүн тембрин жакшыртууга багытталган базалык көнүгүүлөр көрсөтүлүп, сүйлөө учурунда туура дем алуу техникасын, интонацияны байытуунун көндүмдөрүн, кыргыз тилинин негизги орфоэпиялык (туура сүйлөө) нормалары тууралуу пайдалуу маалыматтар берилет.

Вебинарлар сериясынын тренерлери: Онлайн университетинин негиздөөчүсү доцент Элира Турдубаева, тренерлери Мирлан Нуркамилов, Назима Туланова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) окутуучулары доцент Рита Исмаилова, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева, филология илимдеринин кандидаты жана белгилүү диктор Айнура Кабатай кызы жана КТМУнун техникалык кызматкери Нурсултан Станалиев, АКШдагы Индиана университетинин окутуучусу жана магистранты Динара Абакирова.

Белгилей кетсек, Онлайн Университетинин эксперттери сапаттуу жана натыйжага багытталган онлайн жогорку адистик курстарды өткөрүп, менторлук (устаттык) багытында иш алып баруу менен вебинарлар сериясын уюштуруп келет.

 

Онлайн окутуу усулдары боюнча мектеп жана жождордун мугалимдерине вебинарлар сериясынын 

ПРОГРАММАСЫ:

24-август, 17.00-18.30

“Active Presenter менен видео-сабак жаздыруу”

Рита Исмаилова

25-август, 17.00-18.30

“Google Classroom менен онлайн сабак өтүү жана онлайн сынак уюштуруу”

Мирлан Нуркамилов

26-август, 17.00-18.30

“Презентация жасоо ыкмалары жана Zoom Breakout Rooms”

Назима Туланова жана Элира Турдубаева

27-август, 17.00-18.30

“Видео-сабакты редакциялоо жана онлайн ресурстарга жайгаштыруу”

Мирлан Нуркамилов

28-август, 17.00-18.30

“Peardeck аркылуу онлайн-сабак өтүү”

Динара Абакирова

29-август, 17.00-18.30

“Онлайн сабак өтүү маданияты жана этикасы”

Айнура Кабатай кызы, Гүлзада Станалиева жана Нурсултан Станалиев

 

Байланыш үчүн: вотсап Элира Турдубаева +996 700 093 097 [email protected]

 Фейсбук баракчабыз: https://www.facebook.com/Online-University-115299963491739/posts/

Ютуб: https://www.youtube.com/channel/UCCxjXfD5x3Se5hI_GVM-t7g

#ҮйрөнүүнүҮйрөн

Бөлүшүү

Комментарийлер