ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН ДАЯРДАГАН МУГАЛИМГЕ ЖЕҢИЛДИК

  • 04.04.2022
  • 0

Окуучуларды республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга чыгарган мугалимге кошумча акча төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министринин орун басары Н.Джусупбекова райондук билим берүү бөлүм башчылары менен жолугушууда билдирди.

Райондук деңгээлде өткөн олимпиадада жеңишке жеткен окуучулар тилекке каршы, облуска жетпейт. Анткен ал балдар тааныш-билиш менен орунга жетип жатканы жашыруун эмес. Мындан ары андай калпыстыктарга жол берилбейт. Анын биринчи куралы – окуучунун билим деңгээлин жогорулатууга чындап күйөрман болгон мугалимге материалдык колдоо көрсөтүү. Ал үчүн окуучусу республикалык жана эл аралык олимпиадада алдыңкы орунду багындырган мугалимге ай сайын он миң сомдон акча бөлүнүп берилмекчи.

Айнагүл Кашыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер