Окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн каражат үч эсеге жакын көбөйөт
- 10.06.2026
- 0
2027-жылдын 1-январынан тартып мектеп окуучуларынын бир күндүк тамак-ашына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.

Азыркы учурда 1–4-класстардын окуучуларынын тамактануусуна күнүнө 14 сомдон бөлүнүп келсе, жаңы чечим менен бул сумма дээрлик үч эсеге көбөйөт.
Маалыматка ылайык, кошумча каржылоо мектеп окуучуларынын рационун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Натыйжада эт, балык, сүт азыктары жана жашылча-жемиштер сыяктуу пайдалуу азыктарды көбүрөөк берүү мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Чечим мектептердеги тамактануунун сапатын жогорулатып, балдардын ден соолугун чыңдоого жана ата-энелердин каржылык жүгүн азайтууга багытталган.
Бөлүшүү
Комментарийлер