ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 26.03.2022
  • 0

26-мартта Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи болду. Ага билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, министрдин орун басары Надира Джусупбекова ж.б. жетекчилер, мугалимдер, окуучулар жана алардын жакындары катышышты.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

23-24-мартта Билим берүү жана илим министрлиги Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору менен биргеликте Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабын өткөрдү.

Олимпиада 12 окуу предметинен өткөрүлүп, ага республиканын бардык аймактарынан олимпиаданын III (областтык) этабында 1,2-орундарды ээлеген 323 окуучу катышты.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Олимпиада Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинде жана “Айчүрөк” кыздар лицейинде болуп өттү.

Олимпиаданын IV (республикалык) этабында окуучулар төмөндөгү предметтер боюнча күч сынашты: окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн кыргыз тили жана адабияты, окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты, англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн. Аларга жалпы билим берүү уюмдарынын тажрыйбалуу мугалимдеринен жана жогорку окуу жайлардын компетенттүү окутуучуларынан турган калыстар тобу өз баасын берген.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 52 окуучу жеңүүчү деп табылды. Байге ээлерине министрликтин диплому жана бирден планшет тапшырылды.

ОКУУЧУЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

А. Бейшеналиев олимпиаданын катышуучуларын бүгүнкү жеңиши менен куттуктап, аларга жаркын келечек каалады. Ошондой эле ал республикалык олимпиаданын бардык этаптарын уюштуруп, өткөрүүгө салым кошкондорго жана мыкты окуучуларды таптап, колдоп келаткан мугалимдер менен ата-энелерге министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер