ОКУУЧУЛАРДЫН 11 ЖЫЛДЫК БИЛИМИН БААЛООДО ӨЗГӨРҮҮЛӨР КИРЕТ

  • 30.10.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ Фейсбуктагы түз эфир учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн он бир жылдык билимин баалоодо өзгөрүүлөр кире турганын билдирди.  

Министр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билимин баалоодо колдонулуп келе жаткан Жалпы республикалык тестирлөө өзүн актап жатканын, ал  ириде коррупциянын жолун торогонун айтып, бирок окуучулардын 11 жылдык билимин  үч сааттык тест менен эле баалап коюу дагы туура эмес экенине токтолду.

  • Ошол тест тапшырып жаткан күнү бала ооруп калышы мүмкүн, же үй-бүлөсүндө кандайдыр бир проблемалар, же жан дүйнөсүндө тынчын алган башка нерселер болуп, жакшы тапшыра албай калышы ыктымал. Ошондуктан аттестаттагы бааны, 11 жылдык билимин эске алуу сыяктуу бир канча критерийлерди киргизүү жагын ойлонуштуруп жатабыз, — дейт Алмазбек Бейшеналиев.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер