ОКУУЧУЛАР КҮЗГҮ КАНИКУЛГА КАЧАН ЧЫГАТ?
- 02.11.2026
- 0
2026–2027-окуу жылындагы мектеп каникулдарынын бекитилген графигине ылайык, окуучулардын күзгү эс алуусу 11-ноябрдан 15-ноябрга чейин созулат. Сабактар күзүндө 16-ноябрда кайрадан улантылат.
Кышкы каникул 2027-жылдын 1-январынан 10-январына чейин созулуп, окуу 11-январда башталат. Жазгы эс алуу 3-марттан 8-мартка чейин белгиленип, окуучулар 9-мартта кайрадан окууга келишет. Ал эми майрамдык каникул 1-майдан 9-майга чейин созулуп, сабактар 10-майда улантылат.
Мындан сырткары, башталгыч класстардын окуучулары үчүн кошумча эс алуу күндөрү каралган. Алсак, 1-класстын окуучуларына эки жума, ал эми 2-класстын окуучуларына бир жума кошумча каникул берилет. Кошумча эс алуунун так мөөнөтүн жергиликтүү билим берүү башкармалыктары аймактардын климаттык жана санитардык-эпидемиологиялык шарттарын эске алуу менен өздөрү аныкташат.
А.К., «КБ»