ОКУУ ЖАЙЛАРГА КАБЫЛ АЛУУ БИР ЖЫЛДА ЭКИ ЖОЛУ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ

  • 12.04.2021
  • 0

2021-окуу жылынан тарта орто кесиптик жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу бир жылда эки жолу жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев үч жылдык программасы менен тааныштыруу учурунда билдирди.

Министрдин айтымында, бул жаштардын жогорку кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында ишке ашырылууда. Бир жылда эки жолу кабыл алуу боюнча токтом  Өкмөттүн кароосуна киргизилди. Ал колдоо таап калса, мындан ары окуу жайларга кабыл алуу жайкы жана кышкы семестрде жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер