ОКУ, ОЙЛОН, ИЗИЛДЕ

  • 14.04.2026
  • 0

 “Табигый илимдер” жаңы окуу китебинин концепциясы

ОКУ, ОЙЛОН, ИЗИЛДЕ

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдындагы «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси табигый илимдер багытында жаңы муундагы окуу китептерин даярдап басып чыгарууну улантууда. Табигый илимдер боюнча бөлүмүнүн координатору Жамангулова Гүлнара 5-класстар үчүн жаңы эле басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу китебинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берди.

ДҮЙНӨНҮ БҮТҮН КАБЫЛ АЛУУ

5-класстар үчүн жаңы басылып чыккан «Табигый илимдер» окуу китебинин негизги концепциясы — окуучуга дүйнөнү бүтүн кабыл алууга үйрөтүү. Мурдагыдай физика, химия жана биология өз-өзүнчө бөлүнүп окутулбастан, бири-бири менен байланышкан бирдиктүү система катары түшүндүрүлөт. Мындай мамиле окуучуга табият кубулуштарын тереңирээк аңдоого жардам берет.

“Жаңы китепте окутуунун заманбап ыкмалары колдонулган. Алардын бири — Inquiry-based learning, башкача айтканда, изилдөөгө негизделген окутуу. Бул ыкмада окуучу даяр маалыматты гана кабыл албастан, өзү суроо берип, божомол түзүп, изилдөө жүргүзүүгө катышат”, — дейт Г. Жамангулова.

Ошондой эле 5Е модели (шыктандыруу, изилдөө, түшүндүрүү, кеңейтүү, баалоо) жана 3C+1E (кызыгууну арттыруу, түшүнүктү калыптандыруу, билимди бекемдөө жана билимди байытуу) сыяктуу методдор колдонулган. Бул окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

«ТАБИЯТ ТААНУУДАН» АЙЫРМАСЫ: ТЕОРИЯДАН ПРАКТИКАГА

Жаңы китеп мурда колдонулуп келген «Табият таануу» китебинен бир топ өзгөчөлөнөт. Эң негизги айырмачылык — теориядан практикага басым жасалганында.

Мазмуну спиралдык принцип менен түзүлгөн. Башкача айтканда, окуучулар жыл сайын мурдагы билимдерин кайталап, жаңы деңгээлде тереңдетип өздөштүрүшөт. 1–6-класстардан тартып 10–12-класстарга чейинки бардык деңгээлде ырааттуулук сакталган.

Мындан тышкары, ар бир тема турмуштук мисалдар менен байланыштырылат. Маселен, диффузия кубулушу жөн гана термин катары эмес, ашканада жыттын таралышы же тамак бышыруу процесси аркылуу түшүндүрүлөт.

Китепке илимдин акыркы жетишкендиктери, экологиялык көйгөйлөр жана туруктуу өнүгүү максаттары да киргизилген.

ЖАҢЫ СТАНДАРТКА ТОЛУК ЖООП БЕРЕТ

Жаңы “Табигый илимдер” окуу китеби Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бекиткен 12 жылдык билим берүү стандартына толук жооп берет.

Мында негизги көңүл окуучунун маалыматты жаттап алуусуна эмес, алган билимин турмушта колдоно билүүсүнө бурулган. Компетенттүүлүккө негизделген мындай мамиле эл аралык билим берүү тажрыйбасына шайкеш келет.

«Табигый илимдер» окуу китеби окуучуларды жөн гана маалымат менен камсыз кылбастан, аларды ойлонууга, изилдөөгө жана табиятты түшүнүүгө үндөйт. Бул болсо келечектеги илимпоздорду, инженерлерди жана экологиялык аң-сезими жогору жарандарды тарбиялоого өбөлгө түзөт”, — дейт Гүлнара Жамангулова.

Ошондой эле Сингапур жана Cambridge Assessment сыяктуу алдыңкы системалардын тажрыйбалары Кыргызстандын жаратылышына, климатына жана маданий өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылып киргизилген.

САНАРИП ФОРМАТТА ЖЕТКИЛИКТҮҮ БОЛОТ

Жаңы «Табигый илимдер» окуу китеби кагаз түрүндө гана эмес, санарип форматта да жеткиликтүү болот.

Учурда китептердин бөлүмдөрүнө атайын QR-коддор жайгаштырылган. Бирок убактылуу ишке кире элек. Алар аркылуу окуучулар видео тажрыйбаларды, 3D моделдерди, анимацияларды жана кошумча илимий материалдарды көрө алышат. Азыркы тапта кайсы темаларды санариптештирүү зарылдыгы такталып, алгачкы видеоматериалдар даярдала баштаган.

Мындан тышкары, китептин электрондук версиясы, жумушчу дептерлер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолор расмий билим берүү платформаларына жайгаштырылат. Бул мугалимдерге интерактивдүү такталарды колдонуп сабак өтүүдө чоң жардам болот.

БАРДЫК ОКУУЧУЛАРГА ЖЕТЕТ

«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин ижара бөлүмүнүн жетекчиси Сезим Дүйшөкова берген маалыматка ылайык, учурда кыргыз жана орус тилдеринде жалпы 153 миң 180 нуска жаңы окуу китеби басылып чыкты. Бул көлөм өлкө боюнча бардык 5-класстын окуучуларынын керектөөсүн толук жабат.

Китептердин нускасы республикадагы райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн алдын ала берген тапшырыктарынын негизинде даярдалган. Ошондуктан ар бир аймактагы окуучулардын саны эске алынып, жетиштүү көлөмдө бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле «Учкун» басмаканасынан чыккан китептер жакынкы күндөрү облустук билим берүү бөлүмдөрүнө жөнөтүлө баштайт. Андан соң атайын график боюнча райондорго жана алыскы аймактардагы мектептерге жеткирилет.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер