ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН СЫНАГЫ АРАЛЫКТА ӨТҮП ЖАТАТ

  • 17.04.2020
  • 0

Ош облустук Балдардын чыгармачылык борбору «Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз — 2020» эл аралык сынагынын облустук туру онлайн режиминде уюштурулуп жатат. 30 окуучунун эмгектери каттоодон өттү.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН  СЫНАГЫ АРАЛЫКТА ӨТҮП ЖАТАТ

Ош облусу боюнча кошумча билим берүү мекемелеринин координатору жана облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору Рахманберди Назаровдун берген маалыматына таянсак, облустук турду өткөрүү боюнча кайра жаңы буйрук жарыяланып, анда окуучунун сынакка коюулуучу эмгегин өзүнүн эркин коргоосу жана мугалимдин каалоосу боюнча кыскача комментарийи видеотасма катары даярдалып, ватсап жана телеграмм түйүндөрү аркылуу даярдалып, уюштуруу комитетинин дайындалган дарегине жиберүү камтылган.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН  СЫНАГЫ АРАЛЫКТА ӨТҮП ЖАТАТ

— Буйрукта ошондой эле эмгектерди баалоонун жаңы ыкмасы катары катышып жаткан окуучулардын мугалимдеринин бири-бирине өз ара калыстык милдеттерди аткаруусу уюштурулууда. 18-апрелге карата Ош облусу боюнча 30 окуучунун сынакка сунуштаган эмгектери кабыл алынды. Алсак, Алай районунан — 4, Аравандан — 4, Кара-Кулжадан — 5, Кара-Суу районунан — 2, Ноокат районунан — 5, Өзгөндөн — 5, Чоң-Алай районунан — 4, ОБЧБ — 1. 18-апрелден баштап сынакка эмгектерди каттоо токтотулат. Катталган 30 эмгек эки күн аралыгында тиешелүү номинациялар боюнча группаларга бөлүнүп, калыстардын кароосуна жөнөтүлөт, — дейт Р.Назаров.

Калыстар жыйынтыктоочу сунушту уюштуруу комитетине үч күндүн ичинде берүүлөрү тийиш. Ал эми уюштуруу комитети жеңүүчүлөрдү бекитет жана сынактын эл аралык туруна катышууга укук алган окуучулардын тизмесин бардык райондук балдардын чыгармачылык борборлоруна жана катышуучуларга жеткирет.

ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАРДЫН  СЫНАГЫ АРАЛЫКТА ӨТҮП ЖАТАТ

— Облустук сынакка сунушталган эмгектерди даярдоодо жана тандоодо Кара-Кулжа, Өзгөн, Ноокат райондору уюшкандыкта иш алып барышты жана кырдаалды эске алуу менен иш-аракеттерди жүргүзүштү. Облустук сынактын уюштуруу комитети бардык райондук балдардын чыгармачылык борборлорунун жетекчилерине онлайн режиминде ишти алып барууну күчөтүүнү, маалыматтарды ар бир ийрим жетекчилерге чейин ыкчам жана так жеткирүүнү токтоосуз улантуу зарыл экенин белгиледик, — дейт облустук балдардын чыгармачылык борборунун директору.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер