ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕЛДЕШҮҮДӨ

  • 12.11.2018
  • 0

10-ноябрь — Жаштар күнүнө жана 17-ноябрь — Студенттерин эл аралык майрамына карата Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда факультеттер аралык студенттердин спорттук  мелдеши жүрүүдө.  

ОГПИНИН СТУДЕНТТЕРИ МЕЛДЕШҮҮДӨ

Мелдеш спорттун волейбол, футбол, шахмат, тогуз коргоол, стол теннис, кыргыз күрөш жана таяк тартыш түрлөрү боюнча болууда. Жыйынтыгында мыкты факультет, мыкты команда жана мыкты спортчулар аныкталып, 17-ноябрда Студенттердин күнүнө карата өтө турган салтанатта сыйланмакчы.

Мелдеш белгиленген спорттун түрлөрү боюнча окуу жайдын курама командасын бышыктоо, студенттерди сергек жашоого үндөө жана достук мамилени чыңдоо максатында жылына эки ирет салтка айланып өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер