ОГПИДЕ ЗАМАНБАП УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

  • 30.01.2020
  • 0

2020-Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында  Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  заманбап үлгүдөгү усулдук борборлор ачылды.

ОГПИДЕ ЗАМАНБАП УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

Аталган борборлор окуу жай жетекчилигинин атайын планына ылайык толук түрдө талапка жооп бере турган шартта, институтта даярдалган бардык адистиктер боюнча өз-өзүнчө даярдалган. Тактап айтсак, кааналар  акыркы үлгүдөгү электрондук доскалар, компьютер, принтер, интернет байланыш  жана жумшак эмеректер, китеп текчелер, көргөзмө куралдар үчүн атайын бурчтар менен жабдылып, билим берүүнүн түрдүү методдорун талаптагыдай окутууга жана үйрөнүүгө жакшы мүмкүнчүлүк жаралып отурат.

ОГПИДЕ ЗАМАНБАП УСУЛДУК БОРБОРЛОР ИШКЕ КИРДИ

Кышкы эс алуудан келе турган студенттерге даярдалган усулдук кааналар менен окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жакындан  таанышып чыгышып,  ректор факультеттин декандарына борборлорду натыйжалуу колдонуу үчүн  усулчу мугалимдер менен дыкат иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Ошону менен бирге бул аракеттер окуу жайда билим алып жаткан болочок мугалимдерге окутуунун усулун натыйжалуу үйрөтүү максатында ишке ашып, алардын сапаттуу кадр болуп чыгуусуна керектүү шарт түзүп берүү болуп саналаарын ректор өз сөзүндө белгилеп өттү.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер