ОГПИДЕ ҮЙ-БҮЛӨ МАСЕЛЕСИНЕ АРНАЛГАН СЕМИНАР ӨТТҮ
- 18.12.2017
- 0
16-декабрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун төрагасы, акын, жазуучу, “Ант”, “Япон кереметинин сырлары” жана “Ээсине кайткан роза” аттуу китептердин автору Нуржигит Кадырбеков студенттерге семинар өттү.
Катышуучуларды сөз чеберчилиги, таасирдүү ойлорду менен өзүнө арбап алган коноктун семинары “Үй-бүлө жана мамиле” темасында болуп, болочокто ата-эне болуучу жаштарга өтө маанилүү болгон мисалдарды келтирип өзүнүн турмуштук тажрыйбасындагы сабактары менен бөлүштү. Мындан тышкары учурдагы жаш үй-бүлөлөрдөгү болуп жаткан көйгөйлөр, келишпестиктер жана ажырашуулар, мына ушунун барысы мамиле кылууну толук кандуу билбегендиктин кесепети экендигин белгилеген Нуржигит үй-бүлөдөгү мамилени, ынтымакты бекемдөөнүн жөнөкөй гана, аткарууга жеңил болгон, бирок текебердиктин, жетишсиз тарбиянын айынан аткара албай жаткан эрежелерге кенен токтолуп, жаштарга бир топ пайдалуу кеңештерди айтып берди.
Комментарийлер