ОГПИДЕ АЛТЫН КҮЗ

  • 17.11.2018
  • 0

16-ноябрда Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда берекелүү күз мезгилинин жөрөлгөсүн улай  “Күз берекеси – 2018” аталышында түшүм майрамы белгиленди.

ОГПИДЕ АЛТЫН КҮЗ

Аталган жарманке түшүм майрамынын алкагында окуу жайдын табият таануу жана география факультети тарабынан уюштурулуп, факультеттер ар кандай өсүмдүктөрдүн, улуттук даамдардын түрлөрүн жайышып, мезгилдин табиятын чагылдырган кийимдерди чыгармачылык менен алып чыгышты. Жарманке сынак тартибинде болуп, түзүлгөн комиссиянын көз карашы жана тайпалардын даярдыгына жараша жеңүүчүлөр аныкталып, уюштуруу тобу тарабынан диплом жана белектер ыйгарылды.

ОГПИДЕ АЛТЫН КҮЗ

Жарманкенин экинчи бөлүгү чыгармачыл студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, кызыктуу оюн-зооктор менен жалпы көрүүчүлөргө майрамдык маанай тартууланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер