НООРУЗ МАЙРАМ – ЫРЫС МАЙРАМ

  • 25.03.2019
  • 0

Нооруз майрамы республикадагы жогорку окуу жайлардын бардыгында   жогорку деңгээлде белгиленип, сүмөлөк бышырылып, салтанат улуттук оюн-зооктор, каада-салттар менен бирге ыр-бий менен коштолду. Айрым окуу жайларда Жаңы жылды тосууга даярдык 18-мартта эле башталды.

НООРУЗ МАЙРАМ – ЫРЫС МАЙРАМ

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин эмгек жамааты жана студенттери сүмөлөккө даярдыкты  18-мартта баштап, эртеси  Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” фольклордук талаасында Кыргызстан боюнча алгачкы ирет өткөрүлгөн Сүмөлөк фестивалына катышып, кыргыз үй тигип, спорттун улуттук түрлөрүн, т.а. таяк тартмай, тогуз коргоол, топ таш  көрсөтүп, концерттик номерлерин тартуулашты.

Нооруз майрамы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде дагы өзгөчө шаң менен коштолду. Анда Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Ооганстан, Кытай, Монголия жана Россия мамлекеттеринен келген студенттер көргөзмө уюштурушуп,  улуттук тамак-аш, кийим-кечелерин коюшса, сыртка боз үй тигилип, аркан тартыш, кол күрөш, оодарыш, беш таш, тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндар ойнотулуп, жеңишке жеткендер баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ал эми кичинекей бөбөктөр жерге сүрөт тартышып майрамга өзгөчө шаң кошушту.

НООРУЗ МАЙРАМ – ЫРЫС МАЙРАМ

Салтанаттын экинчи бөлүгүндө майрамдык концерт тартууланды. Ал Умай Эненин аластоосу менен башталып, андан соң университеттин ректору, профессор Сабахаттин Балжы бүтүндөй түрк тилдүү элдерди Нооруз майрамы менен куттуктады: “Түрк элинин улуу майрамы болгон  Нооруз майрамы менен баарыңыздырды куттуктайм. Жаратылыштын жаңылануусун жана табияттын жандануусунан жар салган Нооруз майрамын белгилеп жатабыз. Нооруз — бул жаңы күндүн башталышы, ал жаңы күн дайыма жашоого болгон асыл тилектер, келечекке болгон жаркын үмүттөр менен башталат. Нооруз берекенин, өз ара түшүнүүнүн, терең ишенимдин, үзүлбөс үмүттүн учугун улаган улуу майрам эмес. Ошондуктан бүгүн бири бирибизди кечирип, жаман иштерди унутуп, тазаланып, жакшы жашоого умтулушубуз керек. Түрк дүйнөсүндө жана куттуу “Манас” университетибизде ар дайым биримдик, ынтымак болсун. Бул улуу күнү үйүңүзгө кут конуп, ишиңиздерди ийгиликтер жылоолоп, элибизге ынтымык-ырашкерлик, токчулук, молчулук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келсин”.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Ноорузга арналган ар улуттун элдик ырлары, бийлери майрамдык кеченин көркүн ачты. Соңунда салтанатка келген конокторго Нооруздун символу болгон сүмөлөк таркатылып, бекер тамак берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер