НООКЕНДЕГИ ЖАҢЫ АЧЫЛГАН БАЛА БАКЧАЛАР

  • 29.01.2019
  • 0

2018-2019-окуу жылында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы бала бакчаларды ачуу боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлдү.

 

НООКЕНДЕГИ ЖАҢЫ АЧЫЛГАН БАЛА БАКЧАЛАР

Шайдан айыл өкмөтүнө караштуу №7 «Ак-Тилек» балдар бакчасында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 миң сом бөлүнүп, ага 110 орунга ылайыкташтырылган кошумча 4 тайпа ишке киргизилип, оңдоп-түзөөдөн өттү.

Момбеков айыл өкмөтүндөгү №22 «Гүлкайыр» бала бакчасында ушул эле айылдын тургуну, жеке ишкер М.Алиев тарабынан 5 миллион 500 миң сомго 60 орундуу кошумча имарат салынып берилди. Бүгүнкү күндө бала бакчада 55 бөбөк тарбияланууда.

Бүргөндү айыл өкмөтүнө караштуу Ношкен айылында райондук экономиканы өнүктүрүү фондунун эсебинен 5 миллион 262 миң 263 сомго 60 орундуу бала бакча, Бүргөндү айылында 6 миллион 688 миң сомго 60 орундуу бала бакчанын имараты ишке берилди.

Ал эми Масы айылында «Ал-Ас-Салам Кувейт» кайрымдуулук фонду тарабынан 28 млн 500 миң сомго 75 орундуу бала бакча салынып, пайдаланууга берилди. Анда азыркы учурда 14 кызматкер иштеп, 80 бала тарбияланууда.

Учурда Арал айыл өкмөтүндөгү №29 «Иса агай» бала бакчасынын жаңы имараты ишке берилип жатат. Ал 15 млн 800 миң сомго курулду.

НООКЕНДЕГИ ЖАҢЫ АЧЫЛГАН БАЛА БАКЧАЛАР

Бүгүнкү күндө Ноокен районунда жалпы 51 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме бар, аларда 5 489 бала тарбияланууда. Былтыркы жылы балдарды камтуу көрсөткүчү 40 % түзгөн болсо, 2018-2019-жылга карата балдарды камтуу көрсөткүчү 43% га жетти.

 

 Ү. Шамаматова, Ноокен рай БББнүн мектепке чейинки  мекемелер боюнча адиси

Бөлүшүү

Комментарийлер