НООКАТТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ОШТОГУ ОКУУ ЖАЙЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫ

  • 30.04.2022
  • 0

28-апрелде Ноокат районундагы Ж. Нышанов, “Арбын”, “Шаңкол” жана “Дары-Суу” орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү Оштогу жогорку жана атайын орто окуу жайлар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштурган “Шаңкол деми” демилгечилер тобунун мүчөсү Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 70ке жакын окуучу тартылып, алар Ош мамлекеттик университетинин “Ачык эшиктер күнүнө” катышты. Андан ары Ош технологиялык университети, Ош мамлекеттик педагогикалык университети, Кыргыз-Өзбек эл аралык университети жана №113 кесиптик лицейи менен жеринде таанышып, андагы окутулган багыттар боюнча кеңири маалымат алышты.

“Айылыбыздагы мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө буга чейинки кесипке багыт берүүчү семинарларыбызда убадалаган окуу жайларга болгон бул саякат ийгиликтүү ишке ашып, андан ары тарых музейине, зоопаркка баруу менен жыйынтыкталды. Ушул жана башка иш-чараларыбызга биздин демилгечи топ, андагы агаларыбыз демөөрчүлүк кылып, билим берүү жаатында айылыбыз үчүн бир топ иштерди баштап алдык”, — деди Т. Досмуратов.

Бөлүшүү

Комментарийлер