НООКАТ РАЙОНУНУН 12 БҮТҮРҮҮЧҮСҮ «АЛТЫН ТАМГАНЫН» ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

  • 15.06.2020
  • 0

13-июнда Ош облусунда бүтүрүүчүлөр арасында өткөн «Алтын тамга»  тесттик сыноосунда Ноокат районунун 12 окуучусу артыкчылыктуу аттестатка ээ болду. Бул тууралуу Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Зайнабидин Мамасадыков билдирди.

НООКАТ РАЙОНУНУН 12 БҮТҮРҮҮЧҮСҮ "АЛТЫН ТАМГАНЫН" ЖЕҢҮҮЧҮСҮ

Быйыл артыкчылык аттестатын тастыктоо жаңы тартип менен өтүп, тесттик тапшырмалардын жыйынтыктары дароо чыгарылып, жеңүүчүлөр дароо аныкталды. Анда Ноокат билимканасы лицейинен 10 окуучу: Тилешбаев Ильяз, Омурзак кызы Нуриза, Муса кызы Кадича,  Сатыбалдиева Альбина,  Расул кызы Айчолпон, Раимкулова Нуриза , Калмаматова Сезимай, Авазбек уулу Умарали, Курманбек кызы Айжамал, Акимжан кызы Жанылай, ал эми М. Гапаров атындагы жөндөмдүү балдардын жатак гимназиясынан Кеңешов Дастан, А. Парпиев атындагы гимназиясынан Байжигитова Айгүл  «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн артыкчылыктуу атестатынын жеңүүчүсү болду.

Жалпы «Алтын тамга» өзгөчөлөнгөн артыкчылыктуу аттестатын алууга район боюнча 51 бүтүрүүчү талапкер болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер