НООКАТ РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

  • 18.09.2020
  • 0

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тескей-Кожоке айылында жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилди.

НООКАТ РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн, 18-сентябрда өткөн мектептин ачылуу аземине Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышты.

НООКАТ РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Абдижалил Чынгараев атындагы орто мектебинин курулушу 2017-жылы 31-августта башталып, 225 окуучуга ылайыкташылган. Мектептин спорт залы жана ашканасы заманбап талапка ылайык салынган. Бир компьютердик классы бар. Курулуш иштерине республикалык бюджеттен 51 млн сом бөлүнгөн.

НООКАТ РАЙОНУНДА 225 ОРУНДУУ МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Учурда бул мектепте 220 окуучуга 26 мугалим билим жана тарбия берүүдө.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер