АСАН ЗАРКУНОВ

  • 08.07.2019
  • 0

Кыргыз эли, билим берүү коомчулугу орду толгус оор жоготууга учурады. 2019-жылы 7-июлда Бишкекте Кыргызстандын Эл мугалими, Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими, “Манас” эпосун изилдеген көрүнүктүү окумуштуу, Кыргыз Республикасынын алдында өзгөчө эмгек сиңирген пенсионер Асан Заркунов 84 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

АСАН ЗАРКУНОВ

Асан Заркунов 1936-жылы 6-апрелде Нарын районунда Мин-Булак айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин окуп бүтүп, ошол эле жылы  “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп эмгек жолун баштаган.

1959-жылдан баштап дээрлик кырк жыл бою Куйбышев атындагы (азыркы Актан Тыныбек атындагы) орто  мектепте кыргыз тили, адабияты мугалими, анын ичинен чейрек кылымдан ашык убакыт мектептин директору болуп үзүрлүү эмгектенди.

Мектепте иштеген жылдары ал өзүн таланттуу педагог жана иш билги жетекчи катары көрсөтүп, ошондо эле эл оозуна алынган. Ал жетектеген мектеп окуу-тарбия иштеринде жакшы ийгиликтерге жетишип, стандарттык эмес эксперименталдык сабактарды өтүүнү биринчи баштап, район менен областтык деңгээлде алдыңкы мектеп катары таанылган.

Асан Заркуновдун окумуштуу катары Манас таануу илимине кошкон салымы абдан чоң болду. 2001-жылы залкар манасчы Тыныбек жөнүндө жазган көлөмдүү монографиясы “Манас” эпосун жана манасчыларды изилдөө боюнча өзүнчө бир көрүнүктүү илимий эмгек болуп калды. Ушул темада эле илимий диссертация жактап, 2005-жылы филология илимдеринин кандидаты илимий наамына ээ болду.

«Чоң манасчы Тыныбек жана анын мурастары» монографиясынан сырткары, Тыныбек манасчыны мектепте окутуу жолдору, Актан Тыныбек уулунун «Манас» айтуу керемети жөнүндө, «Манас» эпосунун кара сөз варианты боюнча эмгектери жарык көрдү. 1999-жылы «Манас таануу» боюнча 10-11-класстар үчүн программа даярдады. 1997-2005-жылдары Нарын мамлекеттик университетинде Манас таануудан лекция окуду.

Асан Заркунов кыргыз элине таланттуу жазуучу катары да таанымал. Анын калемине таандык «Сыйкырдуу ариптер» повесттер жыйнагы (1977), «Жоокердин жары», «Жоогазындар» пьесалары жана башка чыгармалары жарык көргөн.

Билим берүү тармагындагы үзүрлүү ишмердиги жана жетишкендиктери мамлекет тарабынан жогору деңгээлде бааланып, 1977-жылы «Кыргыз ССР эл агартуу отличниги», 1988-жылы «СССРдин эл агартуусунун отличниги» төш белгилери менен сыйланган. 1993-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими», 2004-жылы «Кыргыз эл мугалими» ардактуу наамдары ыйгарылды.

1995-жылдан Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун, 1997-жылдан Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.

Кыргыз элине берилип кызмат кылуунун өрнөгүн көрсөткөн залкар педагогдун дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгыруу менен жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Маркумдун жаркын элеси кыргыз элинин эсинде түбөлүккө сакталат.

 

Сулайманова А.С., Кудайбердиева Г.К., Саралаева Ж., Ташиев Ж.А., Джусупбекова Н.С., Кожобеков К.Г., Баетов Б.И.,  Токтомаметов А., Байгазиев С.О., Акматалиев А.А., Жакшылыков А., Ашыралиев К., Нургазиев Р.З., Чекиров К.А., Белеков Б., Мамбеткулов С., Усупов К., Куталиев Т.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер