НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ МЕНЕН ДИЛМАЕК

  • 30.11.2018
  • 0
НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ МЕНЕН ДИЛМАЕК

Бишкек-Астана билим сапары  

Ошентип сөзүбүздү улайлы. Биз катышканы барган “Жаңы муун мектеби” темасындагы эл аралык конференцияны Назарбаев интеллектуал мектептери уюштуруптур. Бул жыйын абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде өттү. Чет өлкөлөрдөн чакырылган чыгаан окумуштуулар менен бирге Казакстандын алдыңкы жаңычыл педагогдору мазмундуу баяндамаларды жасап, өз табылгалары менен бөлүштү. Назарбаев университетинин Билим берүүнүн Жогорку мектебин аякташып, учурда Казакстандын ар кайсы аймактарында үзүрлүү эмгектенип жатышкан мурунку бүтүрүүчүлөр менен эл аралык конференциянын жүрүшүндө жолугуп пикир алыштым. Баса, бул жолугушуунун демилгечиси да, уюштуруучусу да Дүйшөн  агай өзү болду.

—  Бүтүрүүчүлөрүбүз менен меактешип көрүп, адам фактору билим берүү системасын реформалоодо кандай бийик жана маанилүү орунда тураарына ишенесиңер, -деди ал жолугушууга жол баштап баратып.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ МЕНЕН ДИЛМАЕК

Фойеде Дүйшөн Шаматовдун шакирттери – Жуматай Бахыт Өмүрханулы, Сейсенбай Шакарим Толыбайулы, Алия Баратова жана Ботогөз Исабекова бизди күтүп туруптур. Устат менен шакирттердин баарлашуусуна аз да болсо күбө болуп, атактуу педагог Шалва Амонашвилинин уулу Паата Амонашвилинин  азыркы конференцияда чыгып сүйлөп: «Адамдар ортосундагы эмоционалдык мамилелерсиз билим берүүгө бир да технология жардам бере албайт» дегени эсиме түштү.

Кандай калетсиз сөз! Чын эле билимдүү, илимдүү адамдардын баарлашуусу ар кандай формалдуулуктардан, илимий регалийлерден жогору турат экен. Менимче,  билим ордосундагы адамдар ортосундагы мамилелер,   мектеп директорубу, окуу жайдын ректор-проректорубу же катардагы окутуучубу, студентпи же илим докторубу, ага  карабастан, бул мамилелер жаратылышынан ак пейилдүү болуп, ар кандай жасалмалуулуктан алыс турууга тийиш.Биз, Бишкектен барган журналисттер, Назарбаев университетинде окутуучу-студент мамилелери нагыз гумандуулук идеяларына , демократия принциптерине негизделгенине таңданып жаттык.

Дегинкисин, кошуна өлкөдө жаштарга өтө чоң көңүл бурулат экен. Мындай тенденция. айрыкча казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кытайда өткөн зор ыр таймашында жеңип келгенден кийин жанданды десем болот. Женүүчүнү кабыл алып жатып, казак президенти Нурсултан Назарбаев «Жакында өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошуп жаткан жүз жаш улан-кыздардын Алтын китебин ачабыз. Ошонун көч башында – Димаш Кудайбергендин ысымы турары бышык», -деген болчу. Журт башчынын андагы алгы сөзү кынтыксыз аткарылып жатканына Астананын кең көчөлөрүн аралап жүрүп күбө болдум. Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп жаткан түркүн кесип ээлеринин жол боюндагы түстүү сүрөттөрү миңдеген жаштарга үлгү болорун айттырбай байкадым. А бизде азыркы ааламдашуу доорунун жаштарына баягы совет доорунда жашап өткөндөр ушу күнгө чейин үлгү болуп келет…

Эми мен Сиздерди Казакстандын билим берүү тармагынын жаңы лидерлери менен тааныштыра кетейин. Жуматай Бахыт – Кызыл-Орда шаарындагы Назарбаев интеллектуал мектебинин директору. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш жетекчи кезинде Шимкенттеги казак-түрк лицейин, анан Кожо Ахмет Яссави атындагы эл аралык университетти аяктаган. Антсе да, ал эч убакта мугалим болом деп ойлогон эмес.

— Бир күнү жолдош балам «жаңы мектеп ачылып жатыптыр» деп калды. Убактынча иштеп турайын деген ниетте болдум. 12 адам тапшырып, тесттен өтүп кеттим. Азыр кетейин деген оюм жок. Тескеринче, педагогдук кесип абдан жагып калды.  Өзгөчө жөндөм-шыгы бар балдар менен иштеген кызык экен, — дейт ал жылмайып.

Бирок эмгеги текке кетпептир. Айтуусунда, мектебиндеги 50-60 окуучу бала информатика предмети боюнча облустук олимпиадада, 19-20сы республикалык финалдык турда, 5 окуучусу эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болушкан. Мектептин 16 бүтүрүүчүсү Назарбаев университетинде окуусун улантышса, 13 бүтүрүүчү чет өлкөлүк бир катар абройлуу жогорку окуу жайларда  билим алышат.

— Бизге окуучулар 7-класстан кийин тапшырышат. Математика менен логикадан тест алабыз. Окууга өткөндөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Билим да мамлекеттин эсебинен акысыз берилет. Азыркы тапта мектептеги  7-12-класстарда 700дөй окуучу билим алса, аларга билим берүүдө 138 мугалим эмгектенет, — дейт Кызыл-Орда шаарындагы Назарбаев интеллектуал мектебинин жетекчиси.

Экинчи маектешим – ушул эле Астанадагы табигый-математикалык предметтерди тереңдетип үйрөтүүчү №54 мектеп-лицейинин директору Сейсенбай Шакарим. Борбор шаардагы бул мектеп бүтүндөй бойдон жан башына каржылоо системасына өткөн.

— Жаңы системанын артыкчылыктары көз көрүнөө байкалууда. Жан башына каржылоодо мектепке акча окуучулардын санына карап бөлүнөт. Мектебибиз 1200 орунга эсептелип курулган. Иш жүзүндө 2, 5 миңден ашуун окуучу билим алат.  Эки мөөнөттө билим алабыз. Айлык акыдан үнөмдөп, арткан 60 миллион теңгеге компьютерлерди сатып алдык. Мындан тышкары, мугалимдер жана окуучулар үчүн эс алуу зоналарын уюштурдук. Балдарга интеллектуалдык оюндар бөлмөсүн ачтык, — дейт демилгечи директор.

Мурунку маектешимден айырмаланып, Сейсенбай мугалимдик кесипке өз тандоосу боюнча келген.

— Апам мектепте директор болуп иштечү. Ошон үчүн кичинемден мектепке аябай көнүп калдым. 11-класста биротоло мугалимдик кесипти тандадым. Ролдук оюн түрүндө болсо да,”мугалим” болуп кенже класска сабак бергеним себеп болду. Өзүм Алма-Ата шаарындагы университетти бүтүргөм. Ишимди тарбиячылыктан баштадым. Көп өтпөй завуч, анан 26 жашымда мектепке директор болдум, Назарбаев университетинде Билим берүүнү башкаруу прогаммасы бар экендигин угуп, бул жердеги эки жылдык магистратураны аяктадым, — дейт Сейсенбай.

Кийинки маектештерим – Алия Баратова менен Ботогөз Исабаекова, Назарбаев университетинин магистратурасын эки жыл илгери бүтүрүшкөн. Бир группада билим алышкандар конференция шылтоосу менен жолугуп калышканына кубанып жатышты.

— Назарбаев университетине чейин экөөбүз эки башка жогорку окуу жайдан  билим алдык.  Экөөбүздү тең жергиликтүү агай-эжейлер окутушту. Бул жерде болсо дүйнөнүн туш тарабынан келген кесипкөй окутуучулар билим беришти. Мурдагы окуган жерлерибизде билим берүү иши бүтүндөй бойдон эске тутууга негизделип уюшулса, мында илимий иштерди жүргузүугө бөтөнчө маани берилди, — дешет мурунку группалаштар.

Бул жерде Назарбаев интеллектуал мектептеринин дагы бир өзгөчөлүгүнө токтоло кетейин. Казакстан боюнча баш-аягы жыйырмадай болгон бул мектептер Казакстандын баардык мектептерине  билим берүү системасын реформалоодо эксперименталдык аянтча да болуп саналат. Ан үчүн аталган окуу мекемелери ар убак чет элдик алдыңкы педагогикалык тажрыйбаны үйрөнүп, аны жергиликтүү кыртышка көчүрүшөт.  Анан топтолгон тажрыйба менен тегеректеги башка мектептер менен бөлүшүп турат.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ МЕНЕН ДИЛМАЕК

Эртеси поездде баратып,  Шимкенттеги Назарбаев интеллектуал мектебинин англис  тил мугалимдери Гүлвира жана Балуза менен бир купеде жол жүрдүк. Үч баласы бар Балуза аталган мектепте үч жылдан бери, бир кыздуу Гульвира эки жылдан бери иштеп жатыптыр.

— Жаңы орунга орношуу оңой болгон жок. Үч түрдүү тест тапшырдык. Мен мурда тил үйрөтүү борборунда иштегеним үчүн өтүп кеттим. Жумушубуз өзүбүзгө жагат. Айлык маянасы да дурус, — дейт Гүлвира.

 

Көркөмү көз тайгылткан Астана

Түштөн кийин Жолдош экөөбүз шаарды көрүүгө ашыктык. Астана биз шашылгандай бар экен. Карап, карап көзүң тойбойт. Ушунчалык кооз. Асман тиреген бийик имараттар, кең көчөлөр көз жоосун алат.  Астананын символу Байтеректи кыя өтө албадык. Ал баарынан бийик,  баарынан көрүнүктүү. Байтеректин бийиктиги 100 метрден ашат. Анын 97-метринде обсерватория жайгашкан.  Бул да жөн жерден эмес. Астана 1997-жылдан бери карай Казакстандын борбор калаасы болуп эсептелет. Байтеректен Астана алаканга салгандай көрүнөт.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИНИН МАГИСТРАНТТАРЫ МЕНЕН ДИЛМАЕК

— Карагылачы, бардык жерде үйлөр курулуп жатат.  Кандай кооз шаар, бул Астана! – деп таңыркап турду Германиядан келген профессор. Биз да ушул жерде туңгуч президенттин «колуна» колубузду коюп сүрөткө түштүк.

Астана мага Пётр биринчинин тушундагы Санкт-Петербургду эске салды. Казак президенти азыркы доордун Пётр биринчиси эмей ким дедим ичимден. А кезде да борбор шаарды түндүк тарапка көчүрүшсө, азыр да ошондой болду. Мындай кадамга, менимче, чыныгы эл камын ойлогон, журт тагдырына күйгөн эл башчылар бара алаары чындык. А бизде жаңыны кой, болгонду бүлдүрүп кеткендер канча?  Ошон үчүн болсо керек,  көркөмү көз тайгылткан Астананын башкы архитектору, Назарбаев университетинин негиздөөчүсү, кошуна Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге Борбор Азиялык жөнөкөй журналист катары чын дилимден ыраазы болдум. Көп жашаңыз, Нураке! Сиздей алысты көрө билген эл башчылар дүйнөдө көп болсун!

А.Алибеков, «Кут Билим» (Бишкек – Чу – Астана – Бишкек)

 

Бөлүшүү

Комментарийлер