ЖАШТАРГА МЕКЕНЧИЛДИК ТАРБИЯ: ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
- 30.04.2026
- 0
2026-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №67 жалпы билим берүү мектебинде 9-май — Улуу Жеңиш күнүнө арналган тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.

Иш-чарага Республикалык Мекенди коргоочулар коомдук бирикмесинин төрагасы, улук прапорщик Эшенкулов Жайлообай Казыбекович, Кыргыз Республикасынын Талас, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча координатору, полковник Матибраимов Маматсабыр Раимбекович, ошондой эле Республикалык кайтаруу жана конвой департаментинин аскер кызматкерлери катышты.
Коноктор 10-класстын окуучулары арасында өткөрүлгөн АЧД предмети боюнча “Саптык ыр” конкурсун көрүп, жаштардын даярдыгына баа беришти. Аскер кызматкерлери окуучуларга аскердик тартип, кызматтагы жоопкерчилик жана мекенчилдик тууралуу тажрыйба бөлүшүп, насааттарын айтышты. Мындан тышкары, алар курал менен иштөө жана саптык ыкмаларды көрсөтүп, практикалык көрсөтмө беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп директору Джумалиева Нургуль Өзбековна жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого кошкон салымы үчүн коомдук бирикменин “Кызматташтык” медалы менен сыйланды. Ошондой эле АЧД мугалими М. А. Мамырбаев “Сыймык” медалына татыктуу болду.
Бул сыяктуу иш-чаралар окуучулардын мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, аскердик тартипке болгон кызыгуусун күчөтүүгө өбөлгө түзөт.



Комментарийлер