НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИН КӨРГӨН ДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА!

  • 24.11.2018
  • 0

Бишкек-Астана билим сапары

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИН КӨРГӨН ДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА!

Ооба, Жолдош экөөбүз бул окуу жай тууралуу дал ушинтип айтаар элек. Анткени буга чейин мындай масштабдуу, анан заманбап илим-изилдөө борборун көрбөппүз. Автобустан түшүп, университеттин бет маңдайында турганда ушундай ойго келдик. Назарбаев интеллектуал мектептери уюштурган “Эл аралык конференцияга катышып кеткиле” деп Астанадан атайын жолдомо жолдогон жердешибиз, Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн Шаматов окуу жайдын алдынан бизди жылуу тосуп алып, үйүнө жол баштады.

Үйү демекчи, биздегидей башка микрорайондо эмес, ушул эле жерде экен. Жеңил машина бизди заматта университеттин эбегейсиз зор имаратынын сол капталына алып барды. Түз эле биринчи кабаттан лифт менен көтөрүлүп, жердешибиздин үйүнө келдик. Назарбаев университети окутуучулар үчүн акчаны аябаптыр. Үч бөлмөлүү үйдө жашоо үчүн бардык шарттар бар. Экөөбүздү балдарынын бөлмөсүнө жайгаштырды. Үйдөгү эки кыз, өспүрүм уулу менен амандашып,  Бишкектен ала келген комуз менен Нурак Абдрахмановдун китебин балдарына белек кылып, эл аралык конференцияга катталууга шашылдык.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИН КӨРГӨН ДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА!

Айнектелген коридор бизди эч буйдалтпай катар-катар конференц-залдарга алып барды. Конференция башталып калган экен, чоң залда Назарбаев университети, анын  азыркы дүйнөлүк билим берүү айдыңындагы миссиясы жана стратегиялык максаттары тууралуу сөз жүрүп жатыптыр. Өлкө ичинен жана чет жерден келген 2200дөй конференция катышуучуларына аралашып, катышуучуларга ыңгайлуу кылып 3 тилде жазылган экрандагы слайддарга көз жүгүрттүк. Эми ошондон алган маалыматыбыз менен бөлүшө кетели.

Назарбаев университети Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан 2010-жылы негизделиптир. Ошол мезгилден тартып, университет  билим берүүнү, илимди жана инновацияны интеграциялоо үстүндө иштеп, дүйнөдө таанылган илим-изилдөө университети болууну көздөп келет. Азырынча бул багытта чоң жетишкендиктер жаралганына конференция катышуучулары  бул жердеги окуу кааналарын, лекциондук аудиторияларды, лаборатория бөлмөлөрүн, китепкананы, окутуучу-профессорлордун иш бөлмөлөрүн аралап көрүп, өз көзүбүз менен күбө болдук. Ушунун баары бир комплексте жайгашканы кызык.

Ички аянты футбол талаасынан кенен башкы имараттын ичинде пальмалар өсүп, фонтандар оргуштап турат. Эки чеке белинде ар кайсы факультеттер, жогорку мектептер жайгашкан. Америкалык ЖОЖдорго окшоп факультет дебей, аларды мектеп (School) жана жогорку мектеп (Graduate School) деп коюшат экен.  Мектеп дегени бизче кадимки факультет болсо, жогорку мектеп дегени жалаң магистрант менен докторанттар (PhD) окуган бөлүмдөрдү айтышат экен. Ушул эле жердеги бир канча кафелерден чай-кофе ичип, жүрмө тепкич менен конференц-залга чыгууга болот. Мындай шарт, албетте, окутуучулар менен студенттерди Астананын жайкы аптабынан, кышкы ызгаар суугунан сактаары бышык.  Танапис учурунда биринчи кабаттагы “Күнде” кафесинен тамактандык. Кафедеги тейлөөнүн өзгөчөлүгүн олтургандарга Дүйшөн түшүндүрүп берди.

  • Университет студенттердин ар кандай демилгелерин колдоп келет. Кимдин долбоору сынактан жеңип чыкса, ага жетиштүү суммада акча каражаты окуу жай фондунан бөлүнүп берилет. Бул кафени бир студентибиз ачкан. Ал мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жумуш берүүнү максат кылган болчу. Өзүңөр көргөндөй, идеясы баарына жакты. Мында тамактанган ар бир адам өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга жардам берип жатканы менен сыймыктана алат, — дейт студенттердин агайы Дүйшөн Шаматов.

Менин оюмча, дегеле, Назарбаев университетинин студенттери менен окутуучулары өзүнчө сөз кылууга арзыйт. Кайсыл кесипти өздөштүрүп жатканына карабастан, алар англис тилин мыкты билүүгө тийиш. Мында эмгектенген окутуучулардын пикиринде англис тилине алфавиттен, грамматикадан баштап окутуунун эч бир зарылчылыгы жок. Анткени, мындагы студенттердин  баары өлкөнүн туш тарабынан келишкен окуунун алдыңкылары, республикалык жана дүйнөлүк предметтик олимпиадалардын, академиялык багыттагы башка сынактардын жеңүүчүлөрү болуп саналышат. Ушундай ийгиликтерине карабастан, абитуриенттер көп баскычтуу сынактан өтүшөт. Ушул жерде Дүйшөн Шаматов менен болгон маекти кыстара кетейин. Ал Назарбаев университетинин студенттери тууралуу мындай деген эле:

  • Илимдеги плагиат маселеси кайдан чыгат? Эгерде биз студентти илимий ишти жүргүзүүгө багыттабасак, реферат, курстук, дипломдук иштерди жазууну ийне-жибине чейин кынтыксыз үйрөтпөсөк, анда илимдеги уурулуктун аягы тыйылбайт. Назарбаев университетинин ар бир студенти, магистранты эң биринчи күндөн тартып, илимий насаатчысы менен биргеликте илимий изилдөөлөрдүн үстүнөн талыкпай эмгектенет. Башынан баштап биз илимий изилдөө усулдары деп аларды окутабыз. Назарбаев университетинин башкалардан кашкайган өзгөчөлүгү ушунда!

Болон системасынын талаптарын бекем сактап, баарынан мурун академиялык чынчылдыкка, илимдин тазалыгына маани берип,  ошол эле учурда өзүндө топтолгон тажрыйба менен бүтүндөй Казакстандын жогорку окуу жайлары, илим-изилдөө институттары, орто мектептери менен байма-бай бөлүшүп же бул жердегилердин тили менен айтканда “алдыңкы тажрыйбаны трансилациялап” жаткан бул окуу жай – чынында Казакстандын билим берүүсүнүн флагманы.

НАЗАРБАЕВ УНИВЕРСИТЕТИН КӨРГӨН ДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА!

Назарбаев университетинин студенттик иштер, эл аралык ынтымак жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча вице-президенти Кадиша Даированын айтуусунда, Назарбаев университетине жана бүтүндөй өлкө боюнча ар бир облус борборунда ачылган Назарбаев интеллектуалдык мектептерине  республикалык бюджеттен  билим берүүгө бөлүнгөн каражаттардын 20 пайызы жумшалат.

  • Аз акчага албетте, Оксфорд же Кембридж университеттеринен алдыңкы окумуштуулар келе бербейт. Биз окутуучу-профессорлордун академиялык жана илимий деңгээлине зор маани беребиз. Университетте эмгектенген окутуучу-профессорлордун баары билим берүү менен илим-изилдөөнүн нукура лидерлери. Ошол эле учурда алар – Казакстандын келечеги болгон мындагы таланттуу студент жаштардын талыкпас насаатчылары, -дейт Кадиша Даирова.

Университеттин түптөлүшүндө үлкөн эмгеги бар Кадиша Даированын сөздөрүндө калет жок. Анткени, мында эмгектенген профессорлордун көбү тааныша келсек, Европадан, Африканын Конгосунан, Малайзия, Сингапур, Гонконг менен АКШдан болуп чыкты. Алар менен бир аз болсо да пикир алышып, эстеликке сүрөткө түштүк. Ар кайсы континенттерден “мен” деген окумуштууларды бир максатка бириктирүүдө Назарбаев университетинин  баалуулуктары бараандуу орунда тураарын айта кетели. Алар — маданий көп түрдүүлүк, билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүк, жетишкендиктерге таянып тандап алуу, бүтүндүк, жогорку этикалык принциптер жана кесипкөйлүк, айкындык жана ачыктык. Бул баалуулуктар студенттерди, окутуучуларды тандап алууда гана эмес, стратегиялык өнөктөштөр менен иш алып барууда таяныч, чен-өлчөм болоорун Кадиша Даирова   жолугушууда белгилеп өттү.

  • Университетибиз Улуу Британиянын атактуу Кембридж, Америка Кошмо Штаттарынын Дьюк, Пенсильвания, Питсбург, Висконсин-Мэдисон, Сингапурдун улуттук университеттери менен, ошондой эле АКШнын бир канча илимий изилдөө борборлору менен, атап айтсак, Аргон улуттук лабораториясы, Колорада тоо-кен мектеби, Лоуренс Берклинин улуттук лабораториясы, Питсбург университетинин медициналык борбору менен тыгыз байланышта иштейт, -дейт университеттин эл аралык катнаш боюнча вице-президенти.

Бул жерде Назарбаев университетиндеги илимий-изилдөөлөр тууралуу айта кетпесек болбойт. Окуу жайдын Илим борбору геномдук изилдөөлөр жана персоналдашкан медицина, регенеративдүү медицина жана жасалма органдар, биоинженерия, инновациялык клеткалык терапия, трансляциялык медицина, ден соолукта картаюу, глабалдык ден соолук жана саламаттыкты сактоо сыяктуу төрт приоритеттүү багыттарда иш алып барат. Университеттин медициналык борборунун курамына эл аралык алтын сертификатка ээ төрт оорукана – Энеликти жана балалыкты коргоо улуттук илимий борбору, Республикалык балдардын реабилитациялык борбору, Республикалык дартты аныктоо борбору, Улуттук онкология жана трансплантология борбору кирет.

“Медицина доктору” программасында билим алгандар окуунун биринчи жылынан тартып эле жогорудагы борборлордон клиникалык практикадан өтүшүп, өз байкоолорун, иликтөөлөрүн эл аралык рецензияланган илимий журналдарга жарыялашып,  эл аралык конференцияларда баяндама жасап турушат. Учурда Назарбаев университетинин алдындагы Медицина мектеби коомдук саламаттыкты сактоо жаатында магистрдик, мээрбан энелик ишинде бакалавр программаларына старт берди.

Университеттин алдындагы мектептер (илим-изилдөө борборлору) Казакстан өкмөтү, тиешелүү министрликтер,  мамлекеттик жана чет элдик уюмдар, фонддор менен тыгыз байланышта иштейт. Мисалы,  Медицина мектеби Саламаттыкты сактоо министрлиги менен, ошондой эле өлкөдөгү алты медициналык жогорку окуу жайлар кызматташууда.  Илим жана технологиялар борбору болсо, “Санариптик Казакстан” программасын ишке ашырууда мамлекеттик кызматкерлер менен улуттук компаниялардын кызматкерлерине жума сайын тренинг өтүп, аталган маселеде Казакстан өкмөтүнө баалуу кеңештерди берет. Мамлекеттик саясат жогорку мектеби тарабынан “А” корпусундагылардын башкаруучулук көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында мамлекеттик саясаттагы жүрүм-турумдук экономика жана психология, туруктуу өнүгүү жана шаар курулушу, жумуш чөйрөсү жана мотивация боюнча кесипкөй семинарларды уюштуруу салтка айланган. Назарбаев университетинин Бизнестин жогорку мектеби  дүйнөнүн 8 өлкөсүнүн 600дөн ашуун бизнес-профессиналдары үчүн жеке ишкердик, каржы, маркетинг, лидерлик жана өзгөрүүлөрдү башкаруу боюнча тренингдерди өткөрүүгө жетишкен. Акыркы беш жылда  Бизнес мектеби 2500 орто жана кичи бизнес жетекчилери үчүн бизнес жүргүзүү көндүмдөрүн өнүктүрүү  тренингин уюштурганын да белгилей кетели.

Назарбаев университети –Казакстандын билим берүү системасынын баш мээси десек болот. Анткени мында бир катар ири эл аралык уюмдардын, атай кетсек, Азия Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык валюталык фонд, ПРООН, ОЭСР, Дүйнөлүк Банк жана башкалардын катышуусунда семинар-конференциялар тез-тез өтүп турат. Университет 100дөн ашуун эл аралык жана жергиликтүү уюмдар жана жогорку окуу жайлар менен өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Бул албетте, зор жетишкендик!

Назарбаев университетинин өлкө ичиндеги 20 Назарбаев интеллектуалдык мектептери менен бекем байланышы бар.  Университет Назарбаев интеллектуалдык мектептери менен илимий иштерди жүргүзүүдө, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырууда биргелешип иштейт. Бул кызматташууга ылайык 2013-жылы университеттин Билим берүү жогорку мектебинин магистратура программасын Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин 150 мугалими аяктаса, 2017-жылы Назарбаев университетинин Илим жана технологиялар мектеби уюштурган тренингдерден Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин предметтик мугалимдери даярдыктан өтүшкөн.

А.Алибеков (Бишкек-Кордай-Чү-Астана-Бишкек)

(Уландысы бар)

Бөлүшүү

Комментарийлер