«МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО» ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

  • 14.05.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 14-майга карата мектепке электрондук каттоо системасына 8465 өтүнмө катталды, анын ичинен алты миңден ашуун бала кабыл алынды.

"МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО" ДОЛБООРУНУН ЭКИНЧИ ЭТАБЫ БАШТАЛАТ

16-майга чейин кичи аймактар (микроучасток) боюнча 1-класска электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат. 16-майдан 15-августка чейин кичи аймактардан тышкары электрондук өтүнмөлөр кабыл алынат.

“Мектепке электрондук каттоо” долбоору – бул мектеп курагына жеткен балдарды (6-7 жаш) Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерине 1-класска каттоо жараянын автоматташтырууну камсыздоочу электрондук система. Система ушул жылдын 15-февралында ишке киргизилген.

Ата-энелер мектептердин тизмесин, бош орундардын санын, баланын мектепке катталуусун каалаган учурда компьютерден да, смартфондон да көрө алышат. Бишкек шаарынын мектептерине түшкөн өтүнмөлөрдүн статистикасы mektep.edu.gov.kg сайтында онлайн режимде жеткиликтүү.

Бардык кызыктырган суроолор боюнча техникалык колдоо кызматына төмөнкү байланыш телефондору боюнча кайрылса болот: 0556 122211, 0706 122211, 0776 122211, 0312 620497.

Бөлүшүү

Комментарийлер