ӨНӨРЛҮҮ МУГАЛИМ

Жаш педагог Жолдошбек уулу Адилет Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Дордой конушундагы №94 жалпы билим берүүчү орто мектепте музыка мугалими болуп эмгектенет.

Чыгармачыл мугалим мектептеги сабактарынан тышкары ар кандай иш-чараларга активдүү катышат. Жакында эле ал 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата кесиптеши, мектептин тарых мугалими Хайдаров Курманбек менен биргеликте 6-класстын окуучуларын Улуттук китепканага алып барып, аларды китеп дүйнөсү менен тааныштырып келди. Ушуга улай райондук деңгээлде уюштурулган кыз-жигит сармерден оюнуна аккордеон менен барып, ырдап берди.
Өзү иштеген мектепте бир да иш-чара өнөрлүү мугалимсиз өтпөйт.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер