ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТӨР БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН КОЛДОО БОЮНЧА ИШТИН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАНА ПЛАНЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

  • 02.02.2024
  • 0

31-январда өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык тобунун жана жергиликтүү (улуттук) билим берүү тобунун отуруму болуп өттү.

ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ӨНӨКТӨШТӨР БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫН КОЛДОО БОЮНЧА ИШТИН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖАНА ПЛАНЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Отурумда ЮНИСЕФтин Билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатындагы программалар бөлүмүнүн жетекчиси Томоя Сонода билим берүү секторунун 2023-жылга карата биргелешкен серептин жыйынтыктарын сунуштады.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү системасынын потенциалын күчөтүү жана мультипликативдик грант боюнча билим берүү максатында Глобалдык өнөктөштүккө өтүнмөлөрдүн абалы жөнүндө маалымат берди. Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү кызыкдар тараптардын кароосу үчүн мультипликативдик грантка кызыгуусун билдирүү долбоорун презентациялашты.

Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр алдыдагы иш-чаралары тууралуу айтып, топтордун 2024-жылга планына киргизүү боюнча сунуштарын алмашышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер