“Мыкты педагог — КМШ” наамынын ээси — АЭУнун окутуучусу
- 24.12.2024
- 0
Астана шаарында “Мыкты педагог – КМШ” сынагы жана Казакстандын эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган президент Касым-Жомарт Кемелулы Токаевдин “Эгемендүүлүк баарынан кымбат” аттуу конференциясы болуп өттү.
Сынакта «Ала-Тоо» Эл аралык университетинин чет тилдер институтунун окутуучусу Мукадам Абдулазизова өзүнүн жогорку кесиптик чеберчилигин жана чыгармачыл иш-аракеттерин далилдеп, “Мыкты педагог – КМШ” наамына ээ болду.
Мындай иш-чаралар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, тажрыйба алмашууга жана билим берүү сапатын жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк түзөт.
Бөлүшүү
Комментарийлер