МЫКТЫ МУГАЛИМ, ТАЛЫКПАС НАСААТЧЫ ЭЛЕ…

  • 29.07.2023
  • 0

Кыргыз мектеби зор жоготууга учурады. Бүтүндөй өмүрүн жаш муундарга билим-тарбия берүүгө арнаган элеттик мээнеткеч мугалим, үйдөгү балдарынын мээримдүү энеси, неберелеринин чоң энеси, мектептеги ак пейил окуучуларынын сүйүктүү эжейи, Чүй районуна караштуу Садовое айылындагы №33 Иса Үкүев атындагы  орто мектебинин башталгыч класстарынын тажрыйбалуу мугалими, чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин «Калемгер» тобунун ардактуу мүчөсү, Билим берүүнүн мыктысы КАРАЧЕВА Ырыс Кадыркуловна мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

МЫКТЫ МУГАЛИМ, ТАЛЫКПАС НАСААТЧЫ ЭЛЕ...

Сары-Өзөн Чүйдүн таанымал мугалими Ырыс Карачева 1959-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунда жарык дүйнөгө келген. Ал жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин бала кезинен көксөгөн мугалимдик кесипте бүтүндөй дитин буруп, жан үрөп эмгек өтөдү. Ырыс эже ар бир сабагына кылдат даярданып өтчү. Өз ишинде чыгармачылыкка көп орун берер эле. Элеттик эмгекчил мугалимдин кайтыш болгонун уккандар азыр, албетте, кайгырып жатышат.

«Мындай мээнеткеч мугалим чынында сейрек болот. Ырыс эжей көп жыл илгери мени «Алиппенин» автору катары өз классына чакырып, балдар-кыздар менен таасирдүү жолугушуу иш-чарасын уюштурган болчу. Мотурайган балдардын жайнаган көздөрү, көркөм айткан ырлары азыр да эсимде!», – дейт профессор Сулайман Рысбаев.
Ал эми Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Алмакунов маркум педагогдун насаатчылык иштерине зор баа берди. «Ырыс Кадыркуловна – өз кесибинин чыныгы устаты болчу. Ал башталгыч класс мугалимдеринин райондук методикалык бирикмесин ийгиликтүү жетектеп келди. Ондогон жаш педагогдорго иштиктүү жардам берип, алардын кесиптик өнүгүүсүнө эсепсиз салым кошту», – деп айтты райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

Ооба, Ырыс Карачева ар дайым изденип иштечү. Анын сабак иштелмелери «Кутбилим сабак» методикалык гезитинде, мектеп турмушун чагылдырган кат кабарлары «Кут Билим» гезитинде байма-бай жарыяланып келген. Чыгармыл мугалимдердин «Калемгер» тобунун активдүү мүчөсү катары жети дубанды кыдырып, кыргыз мугалимдеринин кесиптик жактан өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошту.

Мыкты мугалим, талыкпас насаатчы Ырыс Карачеванын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер