МЫКТЫ КӨНДҮМДӨР КААТЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУГА ЖОЛ АЧАТ

  • 28.09.2020
  • 0

МЫКТЫ КӨНДҮМДӨР КААТЧЫЛЫКТАН ЧЫГУУГА ЖОЛ АЧАТ

24-сентябрда Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү менен бирге «Адам капиталы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү калыптандыруу – кризис мезгилинде билим берүүнү кайра карап чыгуу» онлайн-вебинарын өткөрдү.

Онлайн иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров, Дүйнөлүк банктын Чыгыш Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө билим берүү тажрыйбасынын башчысы Харри Патринос, ошондой эле мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Вебинарда Кыргызстандын 16-65 жаштардагы калкынын лингвистикалык, математикалык сабаты, ошондой эле “технологиялык жактан жеткилең чөйрөдө милдеттерди аныктоо” жөндөмү тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы каралды. Дүйнөлүк Банктын жаңы жарыяланган отчётундагы Кыргыз Республикасында Адамдын өнүгүү индекси жана пандемияга байланыштуу мектептердин жабылышынын окуу натыйжаларына жана узак мөөнөттүү негизде экономикалык жоготууларга тийгизген таасири сөзгө алынды. Катышуучулар Кыргызстандын калкынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн калыс баалоонун негизинде билим алуу тутумун өркүндөтүү чараларын талкуулашты.

3000 жарандын катышуусундагы көндүмдөрдү изилдөө 2019-жылы Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүүнүн жана маалыматтык технологиялардын сапатын баалоо борбору тарабынан жүргүзүлгөн. Маалыматтар Дүйнөлүк банктын жана Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык адистери тарабынан иштелип чыккан.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер