«МУРАС» ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ

  • 27.05.2024
  • 0

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ5-майда Бишкек шаарында  футбол боюнча «Мурас» алтынчы салттуу достук мелдеши башталып,  26-майда  жеңүүчүлөрү аныкталды.

Мелдештин экинчи күнүндө оюнга өлкө Президенти Садыр Жапаров «Президенттин командасы» курамы менен катышты.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИТурнирге ар кандай тармактардын өкүлдөрүнөн топтолгон 16 команда катышты. Байге фондусу 1 миллион сомду түздү.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИБиринчи орунду  саламаттык сактоо тармагынын  «Ден соолук» командасы жеңип алуу менен 400 миң сом акчалай сыйлыктын, Алтын кубоктун, алтын медалдардын ээлери болушту.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ Экинчи орунду «Коопсуздук» командасы ээлеп, алар күмүш медалдарды тагынып, 300 миң сом байге алды. Байгелүү үчүнчү орунга  «Спорт чеберлери» командасы  татыктуу болуп,  коло медалдар жана 200 миң сом менен сыйланды.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ«Президенттин командасы» курамы төртүнчү орунду камсыз кылып,аларга  100 миң сомдук сертификат ыйгарылды.

Мындан тышкары оюндардын жыйынтыгы боюнча «Мурас-2024» мелдешиндеги спорттук чеберчилиги үчүн мыкты дарбазачыга, мыкты чабуулчу жана мыкты оюнчуга жекече сыйлыктар тапшырылды.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИОюндардын соңунда мамлекет башчысы эки жыл мурда бул мелдеш кыргызстандыктарды спорт менен алектенүүгө шыктандыруу максатында башталганын жана бүгүн бул максат ишке ашканын белгиледи: эми мектеп окуучулары гана эмес, чоңдор дагы, ошондой эле аксакалдар дагы футбол, волейбол жана баскетбол менен активдүү алектенишет.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИ«Дени сак улут – дени сак өлкө», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы жана ата-энелерди балдарды спорт менен алектенүүгө үндөөгө чакырып, илим менен дене тарбияны айкалыштыруу керектигин, анткени булар ден соолуктун кепилдиги экенин ырастады.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИСыйлоо аземинин соңунда командалар президент менен  эстелик үчүн сүрөткө түшүштү.

"МУРАС" ФУТБОЛ МЕЛДЕШИНДЕ “ДЕН СООЛУК” КОМАНДАСЫ ЖЕҢДИКабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер