МУГАЛИМДИК ЭСТЕФЕТАНЫ ТАТЫКТУУ УЛАНТСАМ ДЕЙМ

  • 10.03.2023
  • 0

МУГАЛИМДИК ЭСТЕФЕТАНЫ ТАТЫКТУУ УЛАНТСАМ ДЕЙМ

Мугалим болуу менин бала чактан берки кыялым болчу. Бизге сабак берген мугалимдердин баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, сабак өтүүсү, алтургай кийген кийими да жагар эле. Ошолордой болуп сабак өткөнүмдү элестете берчүмүн. «Жараткандан чын ниеттен сурасаң, ал тилегиңди кабыл кылат» деп койчу апам. Айткандай эле, окуп, билим алып, ардактуу кесиптин ээси болдум. Эң кызыгы, мыкты педагогдордун үй-бүлөсүнө бүлө болуп түштүм. Мени менен кошкондо жети адам билим тармагында эмгектенебиз. Атам менен апам экөөсү тең «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси, учурда ардактуу эс алууда. Ар дайым дасторкон үстүндө олтуруп калганыбызда, же болбосо башка учурларда болсун, ата-энебиз мугалимдик кесипти, балдарды сүйүп, алардын келечегине кайдыгер болбой, чын дилден иштеп, ар бир сабакка көңүл коюп даярданып барууну кулагыбызга куя берет. «Эң башкы текшерүүчү — окуучу. Ар дайым ага уят болбой, баланын сезиминде жашоого аракет кылгыла» деп көп эскертишет. Кээде иштен улам кандайдыр бир жагдайларда маанайым чөгүп барсам, тандаган кесибимдин түйшүктүү, бирок сыймыктуу экендигин, чын ниеттен иштесем, үзүрүн көрөрүмдү айтып, кубат берет. Чын эле, атам менен апамдын жылуу пикири, кеп-кеңеши мени чымыркантып, чыгармачылык менен иштөөгө шыктандырып коёт. Кайненемдей калкка кадыры сиңген мугалим эжей болууну тилек кылып, ал үчүн өз билимимдин үстүндө такай иштеп, баланы сүйүп, кесибимдин ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, бийиктиктерди багындырсам дейм. Аларды уят кылбаган, сыймык менен баштаган мугалимдик эстафетасын татыктуу уланткан шакирт да, келин да болсом деген изги тилек жан дүйнөмдө жашап келет. Бар болуңуздар, мен сыйлаган кадырман адамдар!

Шайыр ТОКТОНАЗАРОВА,
Аксы районундагы Надыр Мамбетов атындагы орто мектептин мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер