МУГАЛИМДЕРДИН ОТЧЁТ ИШТЕРИ АЗАЯТ
- 12.06.2025
- 0
Мектептерге автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизип, мугалимдер отчёт иштеринен арылат.
Маалыматка ылайык, мугалимдер мурда кол менен толтурган 46 отчёттун отузу толугу менен жоюлуп, ал онлайн режимде автоматтык түрдө түзүлөт.
“Күндөлүк” системасы бардык мамлекеттик мектептерге киргизилип, 2025-2026-окуу жылынан тарта колдонууга берилет. Бул системаны азыркы тапта 50 миңдей мугалим пайдаланууда.
Ошондой эле “Мугалим” системасында мугалим тууралуу маалыматтар камтылып, мектеп имараттарынын абалы, техникалык жабдуулары үчүн да өзүнчө портал иштемекчи.
Мындан тышкары, “Санарип аттестат”, “Санарип диплом” порталы ишке берилет. Бул система аркылуу жогорудагы документтерди электрондук форматта алууга болот.
Бөлүшүү
Комментарийлер