МУГАЛИМДЕРДИ МАЗАКТАГАНДАРДЫ ЖАЗАГА ТАРТУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КООМДУК ТАЛКУУГА КОЮЛДУ

  • 22.02.2022
  • 0

Бүгүн, 22-февралдан тарта Жогорку Кеңештин сайтында мугалимдерди мазактап, шылдыңдагандарды жазага тартууну камтыган мыйзам долбоору коомду талкууга коюлду. 

Аталган мыйзам долбоорунун авторлору – Жогорку Кеңештин депутаттары Аманкан Кенжебаев жана Мирлан Самыйкожо.

Мыйзам долбоору өзгөртүүсүз төмөндө?

 «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 102-1-берене менен толукталсын:

«102-1-берене. Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабагандыкты көрсөтүү

  1. Өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда педагогикалык кызматкерге карата жаман сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду (белгилерди), нерселерди көрсөтүү түрүндө, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана телекоммуникациялар тармактарын пайдалануу менен билдирилген сыйлабагандыкты көрсөтүү, — жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
  2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, он алты жаштан он сегиз жаш курагына чейинки жашы жете электер тарабынан жасалган аракеттер, — ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга 20 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
  3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, административдик жаза чарасы салынгандан кийин бир жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер, — жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо үчтөн беш суткага чейин камакка алууну колдонууга алып келет.
  4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган, административдик жаза чарасы салынгандан кийин бир жыл ичинде кайталап жасалган аракеттер, — ата-энелерине же аларды алмаштыруучу адамдарга 40 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;

 

456-беренеге «102» деген цифрадан кийин «102-1» деген цифра менен толукталсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Бөлүшүү

Комментарийлер