Мугалимдер үчүн ноутбуктар ийгиликтүү апробацияланды

  • 05.06.2025
  • 0
Апробациянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында жакшыртылган ноутбуктар партиясын чогултуу иши башталды.
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында пилоттук долбоордун алкагында мектеп мугалимдерине берилген ноутбуктарды апробациялоонун жыйынтыгын чыгарууга арналган иш-чара болуп өттү.
Мугалимдер үчүн ноутбуктар ийгиликтүү апробацияланды
Жолугушууга КМТУнун Технопаркынын директору Касымбек Келебаев, чогултуу цехинин инженери Асылбеков К.Р., мектеп директорлору, информатика мугалимдери жана Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Токтакунова Асель Тынычбековна катышты.
Мугалимдер үчүн ноутбуктар ийгиликтүү апробацияланды
Катышуучулар белгилегендей, Каракол шаарындагы мектептерде ноутбуктар окуу процессинде активдүү жана натыйжалуу колдонулууда.
Техниканын ишенимдүүлүгү, колдонууга ыңгайлуулугу жана техникалык мүнөздөмөлөрү жогору бааланды. Өзгөчө белгиленгени – бул техниканын билим берүү системасын санариптештирүү процесси үчүн маанилүү курал болуп калганы жана заманбап технологияларды окутууда кеңири колдонууга шарт түзгөндүгү.
Мугалимдер үчүн ноутбуктар ийгиликтүү апробацияланды
Мугалимдерден алынган пикирлердин негизинде, КМТУнун Технопаркында реалдуу педагогикалык практиканын шарттарына ылайыкташтырылган жана техникалык жактан жакшыртылган жаңы ноутбуктар партиясын чогултуу иши башталды.
Бөлүшүү

Комментарийлер