«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

  • 06.10.2022
  • 0

5-октябрда А.Атабаев атындагы Ак-Суу райондук маданият үйүндө  Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

Алтынбек Жапаровдун берген маалыматына таянсак, иш-чарага Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, башчынын орун басары, райондук ардагерлер Кеңешинин төрагасы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана билим берүү кызматкерлери катышты. Район башчысы М.Насиров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, жаш муундарга тереӊ билим, татыктуу тарбия берүү багытында чыдамкайлык менен аткарып келе жаткан асыл эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, түмөн түйшүктүү иштериндеги албан ийгиликтерди, чексиз бакты-таалай, жаркын маанай каалады!

«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

— Райондун алдыңкы мугалимдерине Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын «Кадырлуу эмгек каарманы», “Ак-Суу районунун ардактуу атуулу”, “Эл сыймыгы” наамдарын, Ардак грамота, Ыраазычылык барактарды жана баалуу белектерди тапшырды. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, облустук билим берүү институтунун, облустук ички иштер башкармалыгынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин, райондук ички иштер бөлүмүнүн, айыл өкмөттөрүнүн сыйлыктары да тапшырылды, — дейт А.Жапаров.

«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

«МУГАЛИМ БОЛОТ МӨМӨЛҮҮ ДАРАК, МУГАЛИМДИН ТАРЫХЫ БАР ЧЕКСИЗ БАРАК»

Өткөн 2021-2022-окуу жылында райондун мектеп, бала бакчалар арасындагы мелдештин женүүчүлөрүнө дипломдор, акчалай сыйлыктар, “Жылдын мыкты жетекчиси, “Райондун ардактуу мугалими” наамдары тапшырылып, сыйлык ээлерин кубанычка бөлөдү.  Майрамдык салтантты  “Боз-Салкын” элдик ыр-бий ансамблинин өнөрпоздорунун, райондук балдар билим борборунун окуучуларынын атайын даярдалган концерттик программалары коштоп турду.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер