“МОСТ” ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 27.03.2024
  • 0

Кыргыз Республикасынын 200дөн ашуун мектеп окуучусу Бишкекте жана 26-мартта Ош шаарында өткөн “МОСТ” олимпиадасына катышты.

“МОСТ” ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

Олимпиада орус тили, математика, физика жана информатика боюнча өткөрүлдү.

Бардык катышуучулар диплом алышты, ал эми тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп упай топтогон балдар Россия Федерациясынын “Станкин” Москва мамлекеттик технологиялык университетинде бюджеттик негизде окуусун уланта алышат.

Көп тармактуу эл аралык олимпиадасын “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы “Станкин” Москва мамлекеттик технологиялык университети менен биргеликте уюштурду.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер