МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН ЖЫЙЫНЫ ЖҮРҮҮДӨ

  • 28.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдеттери жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Мыйзамына ылайык, аскер комиссариаттарында жана топтоо пункттарында жарандарды мобилизациялык резервдин жыйындарына чакыруу иш-чаралары өткөрүлүп, мобилизациялык резервдин жыйыны өтүүдө .

МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН ЖЫЙЫНЫ ЖҮРҮҮДӨ

2020-жылдын 12-октябрынан баштап КР Куралдуу Күчтөрүнүн Кургактагы аскерлеринин 36806 жана 20636 аскер бѳлүктөрүнүн окуу базасында мобилизациялык резервдин жыйыны жүрүүдө. Жыйынга Кыргыз Республикасынын бардык региондорунан жыйырма эки жаштан кырк жашка чейинки 350дөн ашык жарандар чакырылып, алар бир ай бою аскер ишине үйрѳнүшүүдө. Окуу жыйындын аягында катышуучулар Аскердик ант беришип, запаска киргизилет. Жашаган жери боюнча биринчи категориядагы аскерге милдеттүү жаран катары каттоого алынат.

МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН ЖЫЙЫНЫ ЖҮРҮҮДӨ

Жыйын өлкөдөгү эпидемиологиялык коркунучтарды эске алуу менен окутуулар санитардык-карантиндик талаптарга ылайык медицина кызматкерлеринин кароосунда өтүүдө.

МОБИЛИЗАЦИЯЛЫК РЕЗЕРВДИН ЖЫЙЫНЫ ЖҮРҮҮДӨ

Эскерте кетсек, Жогоруда белгиленген Мыйзамдын 21-беренесине ылайык, жыйырма эки жашка чыккан, аскердик же альтернативдик кызматтарды өтөбөгөн, аскерге чакырууну кийинкиге калтырууга же бошотууга ээ болгондор мобилизациялык резерв жыйындарын өтөөгө укукттары бар.

КР КК ГШ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер