Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ОшМУда

  • 01.06.2026
  • 0
Бүгүн, 1-июнда, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гулзат Исаматова иш сапары менен Ош мамлекеттик университетинде болду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ОшМУда
Алгач университеттин сүрөтчүлөрүнүн эмгектери, бизнес-паркы жана илимий долбоорлорунун көргөзмөсү менен таанышып, ОшМУда жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү иштери тууралуу маалымат алды. ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен билим берүү, илим жана инновация тармактарындагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ОшМУда
Андан соң министр Гулзат Исаматова Балдарды эл аралык коргоо күнүнө карата Ош шаарындагы “Сайран” эс алуу жайында уюштурулган иш-чарага катышты.
Иш сапардын жүрүшүндө, Гулзат Исаматова ОшМУнун курулуп жаткан медициналык клиникасы менен таанышып, курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрөт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматкановдун Ош облусуна болгон иш сапары өлкө президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы аткаруу бийлигинин ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоого багытталган “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” масштабдуу долбоорун алкагында ишке ашууда.
Бөлүшүү

Комментарийлер