МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЯПОНИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

  • 08.06.2023
  • 0

Бүгүн, 8-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева Япониянын “Digital Knowledge IT” компаниясынын директору Ясуюки Ногучи жана “Friendly Tech Co. Ltd” компаниясынын директору Ито Хирото менен жолугушту.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЯПОНИЯЛЫК КОМПАНИЯЛАРДЫН ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Жолугушууда 2023-жылдын март айында Японияда кол коюлган И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен жогоруда аталган компаниялардын ортосундагы кызматташуу тууралуу келишимди ишке ашыруу маселеси талкууланды. Атап айтканда, IT адистерди даярдоо, бүтүрүүчүлөрдү Япониянын  компанияларында ишке орноштуруу жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларында япон тилин окутуу.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева Япония технология тармагындагы державалардын бири экенин белгилеп, Кыргызстандын жарандары арасында IT адистикти жана жапон тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны өсүп жатканын айтты.

Ошондой эле министрдин орун басары жогорудагы келишимдин алкагында өнөктөштүктүн өнүгүшүнө ишеним артарын билдирди.

Өз кезегинде жапон тарап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен ар тараптуу кызматташууга жана түзүлгөн мамилелерди тереңдетүүгө даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Комментарийлер